Израил 4 миллион палестин качкынын мурдагы жашаган жерлерине кайтаруу талабын жойууну сунуш кылууда. Бул пикир келишпестиктер АКШ, Улуттар Уюму, Еврошериктештик менен Орусия сунуш кылган тынчтык пландын аткарылышына кедерги болушу ыктымал. Анын аралыгында, израилдик аскерлер палестин аймактарында рейддерин улантып жатышат. Кечээ кечинде Газа тилкесинде болгон ок атышууда Хамас тобунун согушкери курман болду. Хамастын башкы бир согушкери Наблуста үйдү жардыруу учурунда набыт кетти.