Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

АКШ БУУга Иракка каршы чектөөлөрдү алып салуу сунушун билдирүүдө


Президент Жорж Буш Америка Иракка каршы жарыяланган санкцияларды алып таштоо боюнча жаңы резолюциянын долбоорун Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кароосуна койо турганын айтты. Бул жөнүндө Буш Испаниянын премьер-министри Хосе Мария Азнар менен Ак Үйдө жолугушканда билдирди.

АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл резолюциянын долбоорун Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен талкуулап, документтин урунтуу жерлерин ачыкка чыгарып, мындай деди:

Мен резолюциянын майда-чүйдөсүнө токтолбойм. Бирок айтаарым, ал өткөн чактагы жараларды ырбатпайт. Ал келечекке жол салган документ. Ал Ирак элине баарылап жардам берүүгө жол ачат!

АКШнын президенти Иракка каршы жарыялаган айрым чектөөлөрүн Америка жойгонун билдирди. Чектөөлөрдү алынып ташталышы мындан ары америкалыктарга Иракка гумжардам жиберүүгө, АКШ жарандарына ирактыктарга айына 500 долларга чейин акча салып турууга уруксат берет. АКШнын эсебинен каржыланып жаткан бардык иш-чараларга, анын катарында, өлкөнү кайра калыбына келтирүү боюнча ишкер келишимдерге жол берилет.

XS
SM
MD
LG