Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

АКЫР ЗАМАН ЖАКЫНДАП КАЛДЫБЫ?


АКШлык аскерлердин Саддам Хусейндин режимин кулатуусун ирактыктардын бир жааты боштондук деп бааласа, ислам фундаменталисттери кайрыдиндердин баскынчылыгы катары кабыл алышты. Буга пакистандык илимпоз Хусейн Хакканинин Вашингтондо чыкчу “Foreign Policy” журналына жарыяланган макаласы күбө.

Хусейн Хакани мырза “Америка монголдору” деп аталган макаласын “Кайрыдиндердин армиясы Багдадды кайрадан басып алышты” деп баштайт. Автордун ырасташынча, АКШ башындагы күчтөр өздөрүн Ирактын элине Саддамдан эркиндик алып бергени келдик деп жарыялашканы менен, аларды мусулман фундаменталисттери Тынчтыктын шаарын 1258-жылы багынткан Чынгызхандын небереси Хулагунун атчан аскерлери сыңары эле баскынчы-кайрыдиндер катары көрүшөт.

Хулагунун колу арабдардын беш кылымдан ашык өкүм сүргөн Аббасийлер халифатын ташталкан кылса, коалициялык күчтөр чейрек кылымга жакын Ирактагы режимдин төбөсүндө турган Саддамды бийликтен алды.
Ырас, Саддам Хусейн халифаттын башчысы сыңары Алланын жердеги өкүлү - халиф эмес.

Ислам диниятчыларынын бир тобу арабдардын дини башка моңгол татарларга жеңилүүсүн алардын диний плюрализмге жана диндин күчүн жетерлик баалабаган илимге кеңири жол берүүсүнүн натыйжасы деп тээ 13 кылымдан тартып чечмелеп келишет.

Алар 1918-жылы Осмон империясынын кыйрашына да бийлик башындагылар менен букаралардын динден тайып, ага өз ыңгайына жараша мамиле кылганы себеп болгон дешет. Ушул таризден улам бүгүнкү исламчылар мусулман өлкөлөрүнүн, анын ичинде Саддамдын жеңилүүсүн Алла тааланын жөнөткөн жазасы катары кабыл алышты деп жазат пакистандык илимпоз-баяндамачы Хусейн Хаккани.

Бул көз караштан алганда, соңку жаңы тарыхтагы мусулмандардын жеңилүүлөрү 1991-жылкы Перс булуңундагы биринчи согуштан же Кувейтке басып кирген ирактык аскерлерди америкалык күчтөрдүн кууп чыгуусунан башталат. Андан ары сербдердин Косово менен Босния-Герцеговинаны мусулмандардан тазалоо өнөктүгү, алжирлик жана мисирлик ислам топторун бийликтердин куугунтуктоосу, россиялык аскерлердин чечен жикчилерине каршы жортуулу жана ооган талибдерине каршы операция уланат да, жеңилүү тизмеси Багдадды чет элдик күчтөрдүн ээлөөсү менен бүтөт.

Хулагунун аскерлеринин жүрүшү алар Багдадды алгандан эки жылдан кийин Палестинанын Аян Жалут деген жеринде мисирлик мамлүктөр тарабынан токтотулат. Андан бир кылым айланбай, Ортоңку Чыгыштагы моңголдор ислам динине өтөт; бүгүнкү Түркиянын аймагында жана Индияда ислам мамлекеттери түптөлөт.

Демек, мусулмандар жеңилгени менен Алла таала акыр соңунда исламды дүйнөнү башкарчу динге айлантат дешет диниятчылар. Алар бул сөзүн тастыктоо үчүн хадистеги эвфраттыктар адамдардын өз ара тытышып согушуусуна баане болчу тоодой алтынды тапканда Кыямат кайым келет деген кепти мисал тутушат. Тоодой алтын – бул азыркы мунай сыяктуу баалуу табигый кенч болсо, Эвфрат - азыркы Ирак деп түкшөмөлдөшөт уламалар.

Исламчылардын бул ишеними кээ бир тарса фундаменталисттеринин Израил мамлекетинин түзүлүшү сурак берчү күндүн же Кыямат кайымдын жакындап калганын билгизет деген аңыз сөзүнөн көп деле айрымаланбайт.

Баса, хадисте чагылдырылган бул согуш тууралуу Хусеин Карасаев “Накыл сөздөр” деген китебинде мындай маалымат берет: “Акыр заман болордун алдында, күн чыгыштан Жажуж мажуж жер бетин каптайт. Жолунда учурагандарды талкалайт. Алардын башчысы Дажжал көк эшегине минип чыгат. Ал каптап отуруп Шамга (Сирияга) барганда жерден имам Махди, асмандан Иса пайгамбар түшүп, аны жок кылат” (Шилтеме соңу).

Азыркы мусулман фундаменталисттери, пакистандык илимпоз Хусейн Хакканинин жазышынча, АКШлык күчтөрдүн Иракты басып алуусун жакшылык менен жамандыктын же Махди менен Дажжалдын ортосунда болчу жыйынтыктоочу согуштун башталышы деп чечмелешет.
XS
SM
MD
LG