Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ДАРЫГЕРЛЕР ӨКМӨТТӨН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫН ЖАБУУНУ СУРАНЫШТЫ


8-майда саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов жана анын орун басары Людмила Штейнке журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Кытайдын өнөгөсүз өпкө оорусунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. Министр Миталип Мамытовдун сөзүнө караганда, Саламаттык сактоо министрлиги 7-майда кыргыз-кытай чек арасын жабууну суранып, өкмөткө сунуш киргизди.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалымат баракчасында келтирилген маалыматтарга караганда, 7-майга карата өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккандардын саны дүйнөдө 6903 адамга жетти. Анын 4560ы Кытайдын тургундары. Коңшу мамлекеттеги мындай оор кырдаалды эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги өкмөткө кыргыз-кытай чек арасын жабуу тууралуу сунуш киргизди.

- Биз мурда чек арадагы текшерүүлөрдү күчөтүү менен гана чектелип келгенбиз. Бирок Кытайда түзүлгөн оор кырдаалдан кийин 7-майда кыргыз-кытай чек арасын убактылуу жабууну суранып, сунуш киргиздик. Өкмөт аны карап көрүп, тийиштүү бир жыйынтыкка келиши керек, - деди маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов.

Анын айтымында, Кытай менен байланышты убактылуу үзүп туруу максатында, Кытайга каттоочу учактарды да токтотуп туруу сунушу киргизилди.

6-майда «АКИ-пресс» агенттиги Орусиянын «Новости» агенттигине шилтеме жасап, «Кыргызстандын бир жараны Бээжинде өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыгып, андан айыкты» деген маанидеги маалымат таратты. «Новостинин» жазганына караганда, бул тууралуу Бээжин шаардык комитетинин жооптуу кызматкери Цай Фучао билдирген.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Штейнкенин айтымында, кыргызстандык дарыгерлер мындай маалыматты Кытай тараптан ырасмий түрдө ала элек:

- Бирок биз да ушундай кабарды угуп, Интернеттен ырасмий маалымат издедик. Укканыбызга караганда, ал жаран толук айыкты дешет.

Людмила Штейнкенин сөзүнө караганда, оорунун белгилерин 10 күнгө чейин билиш кыйын болгондуктан, Кытайдан келген бардык адамдар чек арадан медициналык текшерүүдөн бир сыйра өткөндөн тышкары, алардын туруктуу толук даректери да каттоого алынууда.

Эгерде дарыгерлер кайсы бир адам ушу дартка чалдыгып калды деп шектенишсе, ооруну таратуучу вирустарды алгачкы текшерүү жумуштары Кыргызстанда эки жерде – Бишкектеги жана Оштогу санитардык-эпидемиологиялык борборлордун алдындагы вирус таануучу лабораторияларда жүрөт. Бирок адам чын эле өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыктыккан-чалдыкпаганын аныктоочу жабдуулар Кыргызстанда жок. Андыктан акыркы жоопту Орусиянын Новосибирск шаарындагы изилдөөлөрдүн бир аптадан кийин чыгып келүүчү жыйынтыктары гана берет.

Люмила Штейнкенин айтымында, оорунун алдын алуу максатында өкмөттүн токтому менен кыргыз-казак чек арасындагы Акжол жана Чалдыбар кайгуул бекеттеринде санитардык-карантиндик пунктарды ачуу маселеси чечилди:

- Учурда дарыгерлер топтолуп жатат. Алар жакынкы күндөрдө чек арада өз иштерин башташат.

Маалымат жыйынында алынган кабарга караганда, Торугарт аркылуу акыркы 4 айда Кытайдан 616 адам келип, 424 адам Кытайга кирген. Учак менен март айында Кытайдан 758 жүргүнчү келип, 1044 адам Кытайга учкан. Апрелде болсо 786 жүргүнчү учак менен келип, 998 адам Кытайга аттанган. Май айында Үрүмчүдөн учак менен 50 адам келген.

XS
SM
MD
LG