Мексиканын тышкы иштер министри Луис Ернесто Дербез Мексика АКШнын Ирак саясатына каршы чыкканы үчүн Вашингтон анын өлкөсүнө чара колдонууга нийеттүү эмес экенин билдирди.
Дербез кечээ Вашингтондо болуп, соода, миграция маселелерин талкуулады. Буштун администрациясы учурда Иракка каршы санкцияларды күчүнөн кетирүүдө Мексиканын колдоосун алууга үмүттөнүп жатат. Мексика азыр - Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү.