Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

ЭВФтин миссиясы Кыргызстанда өз ишин аяктаганы калды


БИШКЕК. Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен, финансы министри Болот Абилдаев, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов бүгүн «Хаят» мейманканасында маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Тапио Саавалайнен кыргыз өкмөтү жакырчылыкты кыскартуу боюнча 3 жылдык программаны ийгиликтүү аткарып жатканын, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук орноп, тышкы карыздарды азайтуу стратегиясы оң натыйжа берип жатканын билдирди. Саавалайнендин айтымында, миссиянын ишинин жүрүшүндө 2003-жылкы бюджетке өзгөртүү киргизүү жагы макулдашылды. Финансы министри Болот Абилдаевдин сөзүнө караганда, бюджетке өзгөртүү киргизүү зарылдыгы өлкөдөгү табигый кырсыктарды жоюуга 200 млн. сом бөлүнө тургандыгына байланыштуу келип чыкты. Ошондуктан бюджеттин дефицитин 200 млн. сомго көбөйтүү ЭВФ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда макулдашылды. Ушул эле күнү Өкмөт Үйүндө Тапио Саавалайнен президент Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG