Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Таластагы мугалимдердин ачкачылык акциясы улантылууда


ТАЛАС. Ачкачылыкта 6-майдан бери отурушкан таластык 5 мугалимдин бул саясий акциясына коомчулук көңүл бура баштады. Нааразы болгон мугалимдердин жетекчиси Кенжаалы Орозалиев билим берүү министрлигине чакырылып, бүгүн сүйлөшүүлөр жүргөн. Ушул эле күнү ачкачылыкта отурган педогогдорго Кыргызстан Акыйкатчысынын Таластагы өкүлү Эсенжан Арыкбаев келип, алардын ал-абалы, койгон талаптары менен таанышып кетти. «Талас шаарынын мэринин туура эмес иштерин 13 пункт менен белгилеп, көрсөтүп айтканбыз, - деди ачкачылыкта отурган мугалимдердин бири Кундуз Сүйүналиева. - Ошол талап боюнча жогорку органдар тарабынан эч жооп болбой жатат. Эртең да жооп күтөбүз».

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG