Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Шинжань транспортчуларын Бишкек-Торугарт окуясынын иликтениши кызыктырат


БИШКЕК. 20-майда Кыргызстанга Шинжань уйгур автономиялуу районунун транспорт тармагынын өкүлдөрү жумуш сапары менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин жооптуу кызматкери Эрнис Маматканов билдирди. Анын айтымында, делегация тармактардын эки тараптуу кызматташтык алакаларын талкуулайт жана Бишкек-Торугарт жолундагы кылмыштуу окуяны иликтөөнүн жагдайы менен таанышат. Бул максатта делегациядагылар ички иштер, коопсуздук кызматтарынын тергөө жүргүзүп жаткан топтору менен жолугушаары болжолдонууда. Бишкек-Торугарт окуясын азыр Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жетектеген атайын топ иликтеп жатат. 27-мартта Нарын облусунун Сарыбулак аймагында катталган бул окуяда Кытай Эл Республикасына таандык автобус 21 жүргүнчүсү менен кошо өрттөлүп кеткен.

XS
SM
MD
LG