Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери Каракулжада жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Бүгүн Каракулжа айылында Үсөн Сыдыковдун 350дөй тарапкери Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Дүйшөн Чотоновдун катышуусу менен жыйын өткөрүштү. Жыйындын катышуучулары Үсөн Сыдыковдун шайлоодон четтетилгенине нааразылык билдиришип, 11-майга белгиленген шайлоонун экинчи туруна катышпай тургандыктарын маалымдашкан. Алар азыркы президентти кезектеги мөөнөткө шайланууга үндөгөн чакырыктарга каршы да чыгышып, «А. Акаев 2005-жылдан кийин шайлоого барбашы керек» деген пикирлерин айтышкан. Бул тууралуу бүгүн Каракулжадан «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусу боюнча бөлүм башчысы Керим Макеев кабарлады. Каракулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Осмонов Каракулжада бүгүн депутаттардын катышуусу менен шайлоочулардын жыйыны болгонун ырастап, бирок ага 60ка жакын адам катышканын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG