Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Бүгүн Польшанын Вроцлав шаарында Франция, Германия жана Польшанын мамлекет жана өкмөт башчылары жолугушууда


Франциянын президенти Жак Ширак, Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Польшанын президенти Александр Квасньевский согуштан кийинки Ирактагы абалды талкуулашат. Польша үч секторго бөлүнгөн Ирактын бир бөлүгүндө коопсуздукту камсыз кылууга катышат. Польшанын коргоо министри Ежи Шмайдзинский Германияга турукташтыруу күчтөрүнүн ишине катышуусун сунуш кылган. Бирок немис коргоо министри Петер Штрук Польша жетекчилик кылган контингентке аскер жиберүүдөн тарткан. Ошону менен бирге министр Германиянын аскерлери Иракка БУУнун аскерлеринин курамында барышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG