Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

СОГУШ АРДАГЕРИ ЖУСУПОВ МИКЕИЛ МЕНЕН МАЕК


Көчкөн Сактанов, Бишкек 1418 күнгө созулган Улуу Атамекендик Согуштун запкысы ар бир үй-бүлөгө өз таасирин тийгизди. Бул алаамат согуштун кесепетинен эчендеген эрендер окко учту. Туткунга түштү. Улуу Жеңиш оңойго турган жок. Мына ошол согушта аргасыз туткунга түшкөн жоокерлердин тагдыры кандай болгон?

Москва алдындагы кандуу салгылашта миңдеген жоокеринен айрылган фашисттик Германия 1941 жана 42-жылдын кыш айларында чыккынчылардын жана жарадар болуп айласыз колго түшкөн советтик туткундардын эсебинен, Советтик Армияга каршы күрөш үчүн кыргыз, казак, өзбек, түркмөн жана башка улуттардан куралган «Түркстан легионун» түзгөн.

СССР Коргоо министрлининин борбордук архиви даана көрсөткөндөй, мусулмандар камалган Польшадагы бир эле Честаков лагериндеги 3 миң туткундан 5 гана туткун өз эрки менен макул болуп, калган 2995и өз армиясына каршы ок атуудан баш тарткан. Бул, албетте гитлердик аскерий жетекчиликтин намысына катуу тийген. Ушундан улам, бардык лагердеги тутукундарды фашисттер адам чыдагыс азапка салып, «легионго өтсөңөр бейиште, өтпөсөңөр тозокто каласыңар» деген каар менен, ансыз эле өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп тирүү жүргөн туткундарды бир четтен кыйнап, кырып-жое баштаган.

Ошол тозок отунан калган, 85 жаштагы Чаектик Жусупов Микеил аба биздин суроолорубузга жооп берди.

- Микеил аба, сиз туткунга канчанчы жылы жана каерде түштүңүз?

- Мен 1941-жылдын август айында Великолука шаарында туткунга түштүм. Туткунга түшкөнүмдү бир айдан кийин билдим. Анткени жарадар болуп, эсиме келбей жатыпмын.

1942-жылдын апрель айында фашисттер мусулман тутукундарынын ичинен тандап алып, Польшадагы Легинова шаарында түзүлгөн «Түркстан легионуна» алып барган. Ошол эле жылы советтик чалгын «Кызыл армияга каршы мусулман туткундарынын эсебинен куралдуу күч топтолуп жатканы, ошондой эле алар өз армиясына каршы ок атуудан баш тартканы» жөнүндө атайын билдирүү жасаган. Жүздөгөн туткундар менен кошо ошол легионго Микеил аба да туш болгон.

- Ошол барганыңызда кыргыздар бар бекен?

- Бар экен. Алманбетов Сатар, ошол тосуп алды. Сатар: «Кыргыз деген алдыга чыккын!» деди. Алты бала чыктык. Бизге кийим берди, ошол жерде иштеп калдык.

- Сатар Алманбетов эмне деди? «Кызыл армияга каршы согушабыз» дедиби?

- Биз оюбузду бири-бирибизге ачык айтчу эмеспиз. Анткени бири-бирибизден коркчубуз.

- Иши кылып ар бириңер «Кызыл Армияга каршы ок атпайбыз» деген ниет бар эле да?

- «Азыр баарына мейли дей берели, анан фронтко барганда көрөбүз» дечүбүз.

- Жумалы Асанкулов да Чаектен экен да. Ал да «Түркстан легионуна» түшүп кийин партизанга качып өткөн экен.

- Ооба. Баатырлык кылган.

- Ал өтүп кеткенден кийин немистер силерге катуу мамиле кыла баштаса керек?

- Бизди Францияга жиберип калды.

- Сатар Алманбетов немисче абдан жакшы билчү экен. Немис тилин ал согушка чейин үйрөнүп алганбы, же Германиядабы?

- Сатар согушка чейин Алматыда окуп жүргөндө үйрөндү го деп ойлойм. Ал юридикалык институтту артыкчылык менен бүткөн.

- Айтууда, «Берлинде эки саат немисче доклад жасаган» дейт, ушул чынбы?

- Берлинде 1942-жылы Конгрессте Власов бир саат, а Алманбетов эки саат немисче доклад жасаган.

- Эми Сатар Алманбетов жөнүндө эмне маалыматыңыз бар?

- Мен аны көрбөй калдым. Мени он жылга кесишти, саткын катары. Норильск комбинатында темир жол курулушунда башчы болуп иштеп жүрдүм.

- Норильскиден канчанчы жылы келдиңиз?

- Келип бир ай, эки ай жүрүп кетчүмүн. 1953-жылдан кийин келдим.

- Эми азыр турмушуңуз кандай?

- Ыраазымын. Баары жетишет.
XS
SM
MD
LG