Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР ДА МЕКЕНДИ КААРМАНДЫК МЕНЕН КОРГОШКОН


Чолпон Орозобекова, Бишкек Согушка Кыргызстандын алгачкы интеллигенциясынын катарын түзгөн акын-жазуучулар да чакырылган. Жусуп Турусбеков, Абдулхай Алдашев, Жунай Мавлянов, Темиркул Үмөталиев, Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов өңдүү белгилүү акын-жазуучулар каармандык менен Мекенди коргошкон. Алардын катарын душмандын огу суюлтса, Кудайдын барманы менен аман кайткандары согуштун кара тактарын жана Совет элинин баатырдыгын өз чыгармаларында кеңири чагылдырышты.

Улуу Атамекендик согуш учурунда кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев Жазуучулар союзунун биринчи катчысы болуп турган. Фронтко кеткен акын-жазуучулардын баары Аалы менен кат алышып, борбор шаар Фрунзедеги жаңылыктар, жарык көргөн жыйнактары туурасында билип турушкан. Азыр ал саргарган каттар Аалы Токомбаевдин кызы Тамара Токомбаеванын колунда сакталуу.

1944-жылы 15-майда Мукай Элебаев минтип жазат: «Чын жолдоштук иретинде сенден жалынып суранаарым, мага “баландай жазуучу, эмгеги мындай, «Хаджимурат», «Мертвые души», «Шинель», «Руслан и Людмила» ж.б.ды которгон” дегендей бир справканы берип жиберишиң өтө зарыл. Өтө зарыл! Туулган жылымды «1906» эмес, «1902-жыл» деп жаз. Эми чын жашыма келгем. Мени ушул справканын жоктугу көп аксатты. Ушуну унута көрбө, кагылайын».

Катынын соңунда Мукай Элебаев Жоомартка, Алыкулга, Кубанычбек Маликовго салам айттырып, «баарыңарга кат жазганга кагазым да, карандашым да, убактым да жок» деп белгилейт.

Аалы Токомбаев кайра Мукайга минтип жооп жөнөткөн: «Муку! Согушка кеткениңди эч ким билбей калыптыр. Кантебиз, турмуш ошол да. Бурулча аман-эсен, өзү аракет кылып турмушун оңдоп алды. Сен барда билинчи эмес эле, чынын айтканда муңайып жүрөт. «Келет, жолуң болгур, капа болбо» деп көңүлүн көтөргөн болом. Муку! Кейибе, ден соолугуңду сакта, жакында келип калаарсың».

Тилекке каршы, Мукай Элебаев согуштан кайтпай калды. 1944-жылы Псков шаарын алыш үчүн согушуп атып окко учту. Ал эми жазуучу Узакбай Абдукаимов Ленинград облусунун Березники шаарында кызмат өтөп атып катуу жарадар болгон. Душмандын танкасы менен бетме-бет келип калып, аны аткылап атып көзү караңгылап жерге кулайт. Кулагына тээ алыстан командиринин «Абдукаимов ранен» деп кыйкырганы чала-була угулганын кийинки каттарынын биринде жазган. «Алсырап баратып, «ушундай жеңил-желпи өлүмгө кабылат белем, согушта да, жашоомдо да оңдуурак бир иш жасабай өлүп кете беремби» деп ойлодум. Эми жашоону ушунчалык сараңдык менен сүйүп калдым. Согуш мени бул жашоодогу көз алдымда жөн гана өлүү жаткан керемет нерселерди көрө билүүгө үйрөттү» деп жазат Узакбай Абдукаимов. 1942-жылы Темиркул Үмөталиев «үй-бүлөмдүн дайнын билбейм, Кыргызстандан согушка аттанып кеткенден бери Фрунзеден кабар ала албадым» деп Жазуучулар союзуна кат жөнөткөн. Ал эми акын Сүйүнбай Эралиев Аалы Токомбаев менен кат аркылуу гана тааныштыгы болбосо, бир да жолу көрүшпөптүр. Согушка чакырылып, Рязань шаарында лейтенанттык согуш мектебинде окуп аткан Сүйүнбай Эралиев минтип кат жазган: «Айылда жүргөндө мен сизге көп каттарды жазып, бир канча жолу жооп алган элем. Мүмкүн эсиңизде жок чыгармын. Агай, сиздин ушул учурдагы иштеп аткан чыгармаларыңызды билүүгө кумармын. Эчен-эчен укмуштуу күндөр баштан өттү. Аны кагазга түшүрүүгѳ шарт жок. Экинчиден калем чоркок. Мен сиз көрбөгөн белгисиз иниңизмин».

Ошентип Сүйүнбай Эралиев окопто жатып ырларды жазып, чыгармачылыгы согушта ачылган. Украинада, Днепр дарыясынын боюнда, Панфилов атындагы аткычтар дивизиясында кызмат өтөп жүргөндө, ал жаткан чатырга бомба түшүп, бир ажалдан калган. Оор жараат алгандан кийин «согушка жараксыз» делинип, үйүнө кайтып келүүгө мажбур болду.

Күн өткөн сайын согуш ардагерлеринин саны да азайып баратат. Согушка барып келген калемгерлердин дагы бир баалуулугу - андагы кандуу күндөрдүн элесин кагазга даана түшүрүп бергендиги. Сооронбай Жусуев согушка чакыруу кагазын алганда 18ге жаңы чыккан улан болчу. «Алдыда жүргүн, кыргыздар» деген ырын майданда жазып, «Советтик Кыргызстан», азыркы «Алатоо» журналынын редактору Жоомарт Бөкөнбаевге салып жиберет. Мына ошентип, жоокер күндөрүнөн акын Жусуевдин чыгармачылык сапары башталган. Сооронбай Жусуев өрт кечкен күндөрүн минтип эскерет:

- 1943-жылы согушка кеттим. Ошондо болгону 18 жаштагы улан болчумун. Ажал менен алышып жүрүп, кокустан гана тирүү калган кишилербиз. Европанын бир токоюнда же талаада дөмпөйүп бейит болуп калмакпыз. Эки жолу жарадар болдум. Кыргыз элим менен Улуу Жеңиштин 58 жылдыгын аман-эсен тосуп атканым үчүн бактылуумун.

Согуш кыргыз адабиятын Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Кусейин Эсенкожоев өңдүү таланттардан айырды. Согуштун зардабы жүрөктөрдү канатып, согуштан калган кайгы-муң көркөм чыгармаларга айланды. Улуу Атамекендик согуш учурунда жаралган жана ага арналган чыгармалар кыргыз адабиятынын өзүнчө текчесин түзүп калды.

XS
SM
MD
LG