Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Бүгүн Россияда жана КМШга кирген бир катар өлкөлөрдө Жеңиш күнү майрамдалды


Москвадагы парадда президент Владимир Путин сөз сүйлөп, жеңишке мурдагы Советтер Союзуна кирген бардык республикалардын элдери салым кошкондугун белгиледи, бул күндү жалпы майрам деп атады. Дал ушул биримдик гана фашизмди жеңди, деп айтты Путин. Биримдиктин мындай анык баа жеткис тажрыйбасы биздин күндөрдө да керек. Дүйнөдө глобалдык жаңы олуттуу коркунуч – эл аралык терроризм пайда болду. Ага каршы туруу үчүн цивилизацияланган бардык өлкөлөрдүн күч-аракетин бириктирүү зарыл, деп айтты Путин. Ал эми Кыргызстандын президенти Аскар Акаев дүйнөлүк экинчи согуштагы каармандыкты тарыхтагы өнөгөсүз эрдик деп баалады. Жеңиш күнү Бишкекте майрамдык иш чаралар менен белгиленди. Кыргызстанда азыр согуштун 15 миңдей ветераны бар, урушка 350 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алардын 130 миңдейи кан майдандан кайтпай калган.

XS
SM
MD
LG