Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

ЕККУнун Бишкектеги академиясына каражат бөлүнмөк болду


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги академиясын өнүктүрүш үчүн ЕККУ быйыл 300 миң евро бөлөт. 2004-жылдын аягына чейин бул максатта дагы 1 миллион 53 миң евро өлчөмүндө жардам берилет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Австриядагы элчилиги маалымат таратты. Аталган каражатты бөлүү тууралуу чечим Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги академиясын өнүктүрүү концепциясынын тушоо кесүү аземи 6-майда Венада өткөн соң бышыкталды.

XS
SM
MD
LG