Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Эл аралык антитеррордук коалициянын Ганси аскердик базасына жаңы жетекчи дайындалды


БИШКЕК. Эл аралык антитеррордук коалициянын «Манас» аба майданында жайгашкан Ганси атындагы аскердик базасынын жетекчиси бригадалык генерал Жаред Кенништи буга чейин Пентагондо иштеп келген генерал Томас Дайкс алмаштырат. Ушул күндөрү Жаред Кенниш кызмат ордун Томас Дайкска өткөрүп берип жатат.
Ал эми аскер базасынын мурдагы жетекчиси Жаред Кенниш болсо «Сокулук районундагы 300 гектар жерди Коалициянын ижарага алыш фактысын чет элдик аскер күчтөрүнүн кеңейиши катары карабаш керек», - деп билдирди бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына.
«Бул кеңейүү эмес, болгону биз орун которуп, көчүп жатабыз. Азыркы турган жерди болсо кайрадан «Манас» аба майданына өткөрүп беребиз», - деди ал. Анын кошумчалаганына караганда, «Гансинин» азыркы турган жери «Манас» аба майданына жакын болгондуктан, мындан ары коопсуздукту камсыз кылыш үчүн аскердик база чоң жолдон оолак, көздөн далдоо жакка жакынкы күндөрү көчүрүлмөкчү. Мындай маалыматты бүгүн Улуттук Гвардиянын колбашчысы, генерал Абдыгул Чотбаев да бышыктады.

XS
SM
MD
LG