Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Жеңиш майрамы Ошто шаңдуу өттү


ОШ. Адегенде Ош шаарындагы Улуу Атамекендик Согуш ардагерлери түшкөн 35 «УАЗ» автомашиналарынын колоннасы бронетранспортерлордун артынан ээрчип, шаар мэриясынын имаратынан Түбөлүк отко чейин барып гүл коюлуп, салют атылды. Андан кийин Жеңиш майрамына арналган митинг болуп, ардагерлерди, жалпы оштуктарды шаар мэри Ж. Сатыбалдиев, облус губернатору Н. Касиев, согуш ардагери Нургазиев куттукташты. Аскер парадында айрыкча Ички иштер министрлигине караштуу атайын аскер бөлүгүнүн машыгуу көрсөтүүсү кол чабуулар менен коштолду. Ардагерлерге Токтогул паркында солдаттык ботко берилди. Бүгүнкү күндө Ош облусунда 1564 ардагер бар, алардын 587си майып.

XS
SM
MD
LG