Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14
БИШКЕК. Бүгүн Улуу Атамекендик Согуштагы жеңиштин 58 жылдыгынын урматына Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием өттү. Ага президент Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргызстан менен кызматташ өлкөлөрдүн элчилери, Улуу Атамекендик согуштун ардагерлери, жоокерлер катышып, Түбөлүк отко гүл коюшту. Митингде сүйлөгөн сөзүндө президент Улуу Атамекендик Согуштагы кыргызстандыктардын эрдигин жогору баалап, фашизмге каршы жүргөн мындай согуш жана мындай жеңиш адамзат тарыхында болбогондугун баса көрсөттү. «Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкен жана улуу Орусия менен коалицияга кирген Америка Кошмо Штаттарынын жана башка өлкөлөрдүн жоокерлери бүгүнкү Жеңиш Күнүндө минтип жанаша турушу символикалуу», - деди мамлекет башчысы. Жеңиш күнүнүн урматындагы иш-чаралар бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Улуу Атамекендик Согушка Кыргызстандан 363 миң жоокер катышып, алардын 130 миңи курман болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG