Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:07

НАТОго ЖАҢЫ МҮЧӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУ ЧЕЧИМИН АКШ СЕНАТЫ ЖАКТЫРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 8-май күнү Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты НАТО уюмуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча чечимди бир добуштан жактырды. Аны менен катар НАТОго карата жыйында сын да айтылып, анын келечектеги аракеттери боюнча орчундуу өзгөрүүлөр сунушталды.

НАТО коммунисттик коркунучка каршы аракеттенүү максаты менен 1949-жылы түзүлгөн жана Батыш Европа менен Түндүк Америка өлкөлөрүн бириктирип, кансыз согуш учурунда СССР менен Варшава пактына каршы туруп келген. Социалисттик система жок болгондон кийин кээ бир эксперттер НАТОнун да кереги жок болуп калды деген пикирин билдирген жана акыркы жылдарда уюм кыйын кезеңден өттү десе болот. Бир чети, 1999-жылы НАТО өз тарыхында биринчи жолу күч колдонуп Косово маселесин чечти, экинчи жагынан, "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмга каршы көрүлгөн чараларга жана Иракка каршы болуп өткөн согушка НАТО уюм катары катышкан жок жана бул маселелерди чечүү ишинде жетекчиликти Америка Кошмо Штаттары өзүнө алды.

8-май күнү АКШнын Сенатында болгон талкуу учурунда Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Ричард Лугар НАТО менен АКШ ортосундагы мамилелерге да токтолду: "Кээ бир байкоочулар Ирак маселеси боюнча чыккан пикир келишпестиктерди атап, НАТО кризиске батты жана пайдасыз уюмга айланып баратат деп билдирүүдө. Мен андай пикирге кошула албайм. Америка Кошмо Штаттары европалык маселелерди өтө орчундуу кабыл алат жана дүйнөнүн бир да башка аймагы АКШ үчүн Европадай мааниге ээ эмес. Эгер НАТОго кирген өлкөлөр аны туура түшүнсө, мындай жалпы кызыкчылыктар жана жалпы баалуулуктар уюмдун өнүгүшүнө дем кошуп, келечегин кең кыла алат".

Аны менен катар сенатор Лугардын пикиринде, НАТОну реформалоого да убакыт жетти жана эң биринчи кезекте уюмдун чечим кабыл алуу эрежесин өзгөртүү керек. Азыр уюм ар бир чечимди жалпы мунаса менен кабыл алат жана жалгыз бир эле өлкө кайсы бир маселе боюнча 18 башка мүчө мамлекеттин пикирине каршы чыкса, бирдиктүү пикир жок болуп чыгып, чечим кабыл алынбайт.

Мисал үчүн, АКШ Иракка каршы согуш даярдап жатканда, өз аскерлерин НАТОго мүчө Түркиянын аймагында жайгаштырууну көздөгөн. Түрк парламенти ага урксат бербегени башка маселе, бирок Түркиянын аскерий базаларын оңдоп, Анкарага техникалык жардам көрсөтүү керек болгондо, ага Алмания, Бельгия жана Франция каршы чыгып, эч кандай чечим кабыл алдырбай койгон. Качан гана маселе НАТОнун жалпы жыйынында эмес, анын аскерий кеңешинде каралганда мунаса табылган, анткени Франция 40 жылдан бери НАТОнун аскерий бөлүгүнө мүчө эмес.

Акыркы мезгилде Вашингтон менен Париждин ортосундагы мамилелер бир кыйла чыңалган абалда, анткени Франция Ирак согушу боюнча дагы, НАТО уюмунун ичинде да америкалык сунуштарга каршы чыгууда. Кээ бир америкалык эксперттердин айтымында, Францияны уюмдун саясий кеңешинен да чыгарып койсо, эл аралык маселелерди чечүү бир кыйла жеңилдемек. Бирок сенатор Лугардын пикиринде, чечим кабыл алуу эрежеси өзгөртүлүп, алар жалпы мунасанын негизинде эмес, көпчүлүк добуш менен кабыл алынса, маселе чечилет, анткени уюмга эмдиги жылдан тартып мүчө өлкөлөрдүн саны жыйырма алтыга жеткенде, ар бир маселе боюнча мунаса табуу ого бетер кыйындайт.

НАТОго 2004-жылы Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словения, Словакия жана Эстония кошулууга тийиш. Бул чечимди уюмга мүчө ар бир өлкөнүн парламенти бекитиши керек. 8-майдагы америкалык Сенаттагы добуш берүүдө ага 96 сенатор макул болду. Төрт адам сессияга катышкан эмес. 1998-жылы НАТОго Мажарстан, Польша жана Чехия кабыл алынып жатканда, АКШ Сенатынын 19 мүчөсү ага каршы чыккан.
XS
SM
MD
LG