Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

КЫРГЫЗДЫН КЫРААН ЭРЕНДЕРИ


Улуу Атамекендик Согушка катышкан кыргызстандык ардагерлердин эскерүүлөрү.

1945-жылдын 9-майында Москва убактысы боюнча 21 саат 50 мүнөттө дүйнө жүзүнө диктор Юрий Борисович Левитан Улуу Жеңишти шаттана: «Внимание, говорит Москва! 8 мая 1945 года в Берлине представителями Германского Верховного Командования подписан акт «О безоговорочной капитуляции германских вооруженных сил». Великая Отечественная Война, которую вел советский народ против немецко-фашистских захватчиков, победоносно завершена. Германия полностью разгромлена. Вечная слава героям, павшим в боях за свободу и независимость нашей родины! Да здравствуют победоносная Красная Армия и Военно-морской флот!» - деп жар салат. Согуш мезгилинде Левитандын үнү менен ойгонуп, Левитандын үнү менен уктаган көп улуттуу Совет эли кубанычтын кучагына батат. Шаңдуу ырлар, шайыр күүлөр таңшыйт.

Бүгүн гүлгө, күлкүгө бай 9-май күнү эстейличи, эскереличи тарыхтын барактарынан. Канкор фашисттер элге, жерге, асманга ажалдын отун чачканда, катылган душмандын катыгын бериш үчүн Кыргызстандын 365 миң кырчын курактагы мырзалары «өлүмдөн жаман эмеспи, өч албай кайра келгеним» дешип, майданга аттанышкан. Алардын ичинен «эл башына күн түшсө, элин сактаар эр чыгат» дешип, 73 эр-азамат «Советтер Союзунун Баатыры» деген ардактуу наамга татыктуу болушат. Ал эми 150 миң кыраан эрендер душмандар менен тартынбай отту кечип, тайманбай өрттү аралап, ажал менен арбашып салгылашып жүрүп окко учушат.

Бул - 150 миң гүлгүн өмүр. Бул - 150 миң кырчын тагдыр. Бүгүн алардын арбактарына куран окуп, таазим этип эскере турган эң бир унутулгус, эң бир улуу күн. Ал эми майдандан кайтпай калгандардын жаркын элестери:

Эстейли алтын ар качан,
Майдандан келбей калгандын,
Эл үчүн болот эр курман
Эсеси ушул армандын
– делип, муңкана ырдалып келет.

Улуу Жеңиш үчүн кыргыздын ар кыл кесиптеги уландары менен бирге ондогон акын-жазуучулар, музыканттар да өз ыктыяры менен майданга аттанышып, калемдерин мылтыкка алмаштырышат. Алардын бир тобу Атажуртуна кайтпай калышты. Ал эми Улуу Жеңиш менен кайткан музыканттардын ичинен көзгө басар залкар дирижер, эл артисти, академик, республиканын эл баатыры, 80 жаштагы Асанкан Жумакматов гана калды. Ал музыканттардын ичинен алгачкылардан болуп өз каалоосу менен согушка аттанат. Чечендердин Грозныйындагы жөө аскер окуу жайын кыска мөөнөттө бүтүрөт. Моздоктогу, Ростовдогу, акырында Сталинграддагы салгылаштарга катышат. Ал жөнүндө Асанкан ага Жумакматов мындай дейт:

- Сталинграддын алдында ийниме ок тийди. Адегенде мен көп деле аны байкаган жокмун, бирок колум шал болуп калып, анан бир убакта ысык кан акты. Аны көргөндө көңүлүм айнып, башым айланып, эсим ооп калды. Шаардан чыкканда арабызда эки еврей бар эле. Бирөө Ливенбиргер, экинчисинин атын унутуп калдым. Экөө мени эки жагыман колтуктап алып, жарадарлар салынуучу арабага салышты. Жакшы доктурлар жок. Жетишпейт. Талаада эсим ооп жатып калдым. Канча саат жатканымды билбейм. Эртең менен бирөө айтат, «тамыры иштеп атат, тирүү экен» деп. Көрсө мени өлгөндөр ташталган аңга таштамак экен. Ал кезде көр казып көмүү деген жок. Кимдир-бирөө «жаш бала экен, доктурга көргөзөлү» деп, № 19-мектепте баарыбызды чогултуп, түнүчүндө баржага салып Сталинградга алып барышты. Госпиталда орус тилин билбеген кыргыз, татар, башкыр, өзбектерге котормочу болдум. Менин жарадар болгон колума жаңы сөөк чыксын деп, гипстеп таңып коюшту. Аны үчүн 2-3 жыл керек экен. Жаратым айыкканча котормочу болуп иштедим. Эки жылдан кийин Мекениме келдим.

Ал эми эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев айтылуу Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн жылдарын мындайча эскерет:

- Эгерде кимде-ким өткөн кандуу согуштун издери менен анча-мынча кабардар болсо, ал согуш тирүүлөрдүн тозогу болгондугун жакшы түшүнөөр эле. Согушта өрт аралап, от кечип мен туура 4 жыл жүрдүм. Үч ирет катуу жараландым. Мен атактуу Панфилов атындагы сегизинчи гвардиялык дивизияда жүрүп салгылаштым. Харьков, Великий Лука деген шаарларды бошотууга катыштым. Акыркы ирет түшкөн бомба алдында калып, катуу жараланып, ошонун аркасында согуштун майыбы катары айылга келдим. Башкача айтканда, 1945-жылдын 9-майын дал ушул жерде тостум. Мындай салтанат болгон эмес. Карылардын, жаштардын сүйүнгөндөн көздөрүнөн жашы куюлуп, буркурап ыйлагандарды көрдүм. Мындай чоң кубанычтуу нерсени биринчи жолу көрдүм. Ошондо «9-май» деп майрамга арнап ыр жазган элем. Ошондон үзүндү окуп берейин.

Майдын айы - эркиндиктин бульвары,
Мен олтурам, айланамдын гүл баары,
Жөн олтурам түрмөктөлгөн ойлордо,
Баштан өткөн күндөрдү эстеп мурдагы.
Дайым минтип майрам келген кез жакшы,
Баарын баштан өткөрүүгө кайра да,
Ал кездеги аккан канды, көз жашты
Бирге кошсо жетмек канча дайрага.
Бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамы менен бардык адамдарды куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакыт каалайм.


Ооба, орду-түбү менен ойрондолсун кандуу согуш. Ар дайым калктын жүзүндө шаттыктын, кубанычтын оту жансын! Дагы бир жолу, кадырман замандаштар, эч качан унутулбай турган Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен! Бар болуңуздар!
XS
SM
MD
LG