Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Тайванда илээсиз өпкө илдетине байланыштуу кырдаал кескин начарлады


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери аралдагы бийликтер оорунун таралышын иш жүзүндө контролдой албай калгандыгын белгилешти. Бүгүн эле Тайванда бул ооруга чалдыккан 23 адам катталды. Ал эми Кытайдын өзүндө бир күндө беш киши каза болду. Дартка кабылгандардын саны беш миңге чукулдап калды. Гонконгдо да бул илдеттен эки киши көз жумду. Бирок ооругандардын саны аптанын башынан бери азая баштады. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти өзүнүн дипломатиялык мекемелеринде иштеген кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө Кытайдан, Гонконгдон жана Тайвандан кеткенге уруксат берди.

XS
SM
MD
LG