Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Литвада бүгүн референдум башталды


Ал эки күнгө созулат. Элдик добушка өлкөнүн Евросоюзга кошулушу жөнүндөгү маселе коюлду. Коомдук пикирдин көрсөткүчтөрүнө ылайык, бул сунушту калктын дээрлик басымдуу көпчүлүгү колдойт. Эреже боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын тең жарымы катышса, референдум мыйзамдуу деп табылат. Евросоюзга мүчө болууга чакырык алган өлкөлөрдүн баары бул маселени элдик добушка коюушу керек. Буга чейин мындай референдум Мальтада, Словенияда жана Венгрияда өткөрүлдү. Алардын баарында калк Евросоюзга кошулууну жактап чыгышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG