Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Кызыл жарым ай коому чек арадагы мина талааларына көрнөктөрдү орнотту


БАТКЕН. Ушул аптада Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен Сай, Таян жана Чоңкара айылдарынын айланасындагы, буга дейре эч кандай эскертүү белгилери коюлбаган, мина көмүлгөн талааларга жалпысынан 7 көрнөк орнотулду. Аларда «Этият болгула, мина!» деп жазылган жана минанын сүрөтү тартылган. Бийиктиги 2, туурасы 1,5 метрлик бул көрнөктөр алыстан эле даана көрүнөт. Кезектеги мина жарылуусунун алдын алуу максатындагы бул иштер Кызыл жарым ай коомунда ушул жылдан тарта иштеп жаткан «Мина коркунучун калкка түшүндүрүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашты.
Өзбекстан тарабынан кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналар 1999-жылдан бери 14 жолу жарылып, андан Баткен облусунун 2 тургуну каза таап, үчөө оор жарат алган. Эл бир канча мал-жанынан ажырап, 7 млн. сомго жакын чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG