Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

«Кумтөр» ишканасына таандык жүк ташуучу автоунаа кырсыкка учурады


БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күзөт кызматынын билдиргенине караганда, бүгүн эртең менен Балыкчы-Бөкөмбаев-Каракол автожолунда бараткан, «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасына таандык автоконтейнер кырсыкка учурады. Натыйжада автоунаа жүктөп бараткан 8 тонна селитра жолго төгүлдү, бирок адам өмүрүнө жана жаратылышка коркунуч келтиргидей жагдай түзүлгөн жок. Министрликтин күзөт бөлүмүнүн кабарына караганда, жол кечке жуук селитрадан тазаланып бүттү.

XS
SM
MD
LG