Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Оппозициялык кыймылдын курултайы президенттикке талапкерлердин аттарын атайт


БИШКЕК. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы кезектеги курултайын Каракулжада мурда болжолдонгондой шайлоо белгиленген күнү - 11-майда эмес, июль айында өткөрөт. Мындай чечимге кыймыл апта башында өткөн чукул жыйында келип, «курултайды шайлоо күнү өткөрүү өз максатына жетпей калат» деген бүтүм чыгарган. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров кабарлады. Анын айтымында, азыр кыймыл мүчөлөрү курултайдын күн тартибине кирүүчү маселелерге байланыштуу даярдыктарды көрүп жатышат. Аталган курултайда биринчи, экинчи курултайда жана үчүнчү курултайдын биринчи бөлүгүндө кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланып, кыймылдын программасы кабыл алынат. Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайына сунуштар берилет. Ошондой эле курултай 2005-жылкы президенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин аттарын атайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG