Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Эртеңки парламенттик шайлоого Каракулжа менен Карасуу округдары даяр


БИШКЕК. № 33-Каракулжа жана № 30-Карасуу шайлоо округдары боюнча эртеңкиге белгиленген парламенттик шайлоого даярдыктар аяктады. Ага Каракулжа шайлоо округунан 62893, Карасуу шайлоо округунан 69932 шайлоочу катышаары күтүлөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн ушул эки округдун шайлоо комиссияларынан алынды. Карасуу шайлоо округу боюнча шайлоонун биринчи туруна Сабыров Таалайбек жана Малабев Мурат, ал эми Каракулжа боюнча шайлоонун мурунку турунда ат салышкан Замирбек Парманкулов менен Жолборс Осмонов атаандашат. Каракулжада мурдагы шайлоо былтыр 20-октябрда болуп, ага катышкан талапкер Үсөн Сыдыков сот чечими аркылуу шайлоодон четтетилген соң, анын тарапкерлери нааразылык билдирип, бир катар акцияларды өткөрүшкөн. Бул округдагы шайлоонун кийинки турунун кечеңдеши буга чейин ошол жагдай менен түшүндүрүлүп келген. Бул шайлоо округу боюнча парламенттеги орун депутат Курманбек Осмонов былтыр май айында вице-премьерликке дайындалгандан кийин, ал эми Карасуу шайлоо округу боюнча депутаттык орун Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчылык кызматка шайлангандан кийин бошогон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG