Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44
БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Хаят» мейманканасында сомдун киргизилгенинин 10 жылдыгына карата эл аралык конференция болуп өттү. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Эл аралык Валюта Фондунун аткаруучу директорунун орун басары Эдуардо Аннинат, бул фонддун Экинчи Европа департаментинин директору Жон Одлинг Сми, Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча директору Деннис де Трей, Азия Өнүктүрүү Банкынын башкы директорунун орун басары Шамшад Ахтар жана КМШ мамлекеттеринен келген өкүлдөр катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев, мындан 10 жыл мурда Кыргызстан чоң сыноодон өткөнүн, мурдагы өнөктөштөрү менен соода-экономикалык байланыштары үзүлүп, Москвадан дотация токтоп, инфляция өсүп турган шартта улуттук валюта – сомдун киргизилгени туура жол болгонун баса белгиледи. Президенттин айтымында, сапаттуу жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынын натыйжасында Кыргызстанда сомдун туруктуулугу сакталып, инфляция акыркы 10 жылда 920%дан 2-3%га чейин төмөндөгөн. «Кылдат кредиттик-акча саясатын жүргүзүп, улуттук валютаны стабилдүү кармоого катуу аракет кылып келатабыз» деди президент Аскар Акаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG