Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

АКШнын президенти Жорж Буш алдыдагы 10 жыл ичинде Америка менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү ортосунда эркин соода аймагын түзүүнү сунуш кылды. Эксперттер Вашингтон араб-жөөт чатагын жөнгө салууга чындап киришкенин белгилеп жатышат. Алардын пикирин ырастай, ишембиде Американын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Палестина жана Израилдин жетекчилиги менен жолугушуу максатында Жакынкы Чыгышка жөнөп кетти.

Вашингтон Иракта Саддам Хусейндин бийлиги кулап, Палестинада премьер-министр болуп реформачыл саясатчы дайындалганынан улам, арабдар менен Израилди элдештирүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү деп эсептейт. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл ишембиде Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык планды талкуулаш үчүн Израилге жөнөп кетээр алдында дал ушул жагдайга басым жасады:

- Мени тынчсыздандырганы, биз Багдаддагы режим кулап, Палестинада премьер-министр дайындалганына байланыштуу чөлкөмдө түзүлгөн жаңы геостратегиялык кырдаалдан пайдаланып, чукул арада чечкиндүү аракеттерди жасоого үлгүрүшүбүз керек.

Анын алдында, жума күнү кечинде АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондун Жакынкы Чыгышка карата жаңы саясатын бышыктап, араб мамлекеттерине эркин соода алакаларын сунуш кылды. Түндүк Каролина университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда Жорж Буш мусулман дүйнөсү автократиядан бошонуп, эркиндикти тандабаса, жакырлыктын кесепетинен жаралчу экстремизмден эч убакта арылбаарын эскертти:

- Бардык араб өлкөлөрүнүн ички дүң өндүрүшүн кошуп эсептегенде, жалгыз Испаниянын ички дүң продуктысына жетпейт. Арабдар компьютер, интернет менен тааныштыгы жагынан африкалыктардан да артта калган. Улуу маданий салты бар араб дүйнөсү азыркы тапта экономикалык жактан алсыз болууда.

Буш андан аркы сөзүндө АКШ менен араб мамлекеттери ортосундагы эркин экономикалык аймак Жакынкы Чыгыштагы саясий реформаларга, коррупция жана терроризмге каршы күрөшүүгө, менчик мүлктү коргоп, аялдардын укуктарын кеңейтүүгө, ишкерликти өнүктүрүү аракеттерине жардам берээрин белгилей кетти.

Пауэлл дем алыш күндөрү Израилдин премьери Ариэль Шарон жана Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен талкуулай турган тынчтык планын АКШ, Орусия, Бириккен улуттар уюму жана Европа Биримдиги биргелешип түзүшкөн. "Жол картасы" аталып жүргөн ал планда каршылаш тараптар өз ара сүйлөшүп, мунасага келишкен соң, 2005-жылы көз карандысыз Палестина мамлекетин жарыялоо каралган. Палестин тарап бул планды кабыл алууга даяр экенин билдирсе, Израиль өкмөтү анда айрым проблемалар бар экенин кыйыткан. Андан улам, байкоочулар Тель-Авив жаңы палестин өкмөтү "Хамас", "ал-Акса азапкорлору" өңдүү радикал уюмдарга карата катаал чараларды колдонуп, активисттерин жазаламайынча, Израиль эл аралык тынчтык планына ылайык, басып алган палестин аймактарын бошотууга көнбөйт деп эсептешет. Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаат андан улам, Колин Пауэллге Израиль эч нерсе убада кылбайт, маселе 20-майда Ариэль Шарон Вашингтонго барганда алдыга жылышы мүмкүн деп билдирди.

АКШ президенти Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы кандуу касташуу үчүн жоопкерчилик Израиль менен Палестинага бирдей тийиштүү деп белгиледи:

- Эгерде палестин эли террорчул аракеттерди токтотуу ниетин көргөзүп, демократиялык реформаларга бет алса, эгемен Палестина мамлекетинин желеги желбиреп калчу күн алыс эмес. Тынчтыкты көздөй өз кадамын ташташ үчүн Израиль басып алган аймактарды өздөштүрүүнү токтотууга тийиш. Араб өлкөлөрү көз карандысыз Израиль мамлекети алар менен бейпилдикте коңшулаш жашоого укуктуу экенин таанышы абзел.

Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер арасынан Америка азырынча Израиль жана Иордания менен эркин соода мамилелерин орноткон, жыл аягында Марокко менен тийиштүү документке кол коюлушу күтүлөт. Калган араб мамлекеттери Вашингтондун сунушун кабыл алса, июнь айында Амманда чогула турган Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында жаңы алакалардын жол-жоболору талкууланып калышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG