Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

АКШ МЕНЕН ЕВРОПА ОРТОСУНДА ИРАК БОЮНЧА ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕР САКТАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирак боюнча Америка Кошмо Штаттары сунуш кылган резолюция Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде дүйшөмбү күндөн тартып расми түрдө талкуулана баштайт. АКШнын Ирак саясатына мурда каршы чыгып келген Алмания менен Франциянын жетекчилери бул маселени конструктивдүү карайбыз деп билдирүүдө, бирок Вашингтон менен Париж ортосундагы мамилелер дагы эле чыңалган абалда. Иракка болсо 20 жыл сүргүндө жашаган шийилердин жетекчиси кайтып келди.

АКШ сунуштаган резолюцияда - Иракка каршы мындан 12 жыл мурда киргизилген экономикалык чектөөлөр алынып салынууга тийиш, бирок аскерий эмбарго дагы сакталып турат. Ирактын мунайын өндүрүү боюнча биргелешкен британ-америкалык атайын башкаруучулук түзүлөт, кеңири кыргын салуучу куралды издөө иштерин дагы коалициялык аскерлер өздөрү жүргүзөт, Бириккен улуттар уюму болсо негизинен гуманитардык жардам көрсөтүү жана кеңеш берүү иштери менен чектелет.

Согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү жараянында негизги мааниге Бириккен улуттар ээ болуш керек деп келген Алмания, Орусия жана Франция азырынча жаңы эч нерсе айта элек, бирок 9-май күнү Польшанын Вроцлав шаарында өткөн саммитте АКШ саясаты дагы бир жолу сындалды. Ал саммитке Польша менен Франциянын президенттери Александр Квасневский менен Жак Ширак жана Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер катышты, анткени бул үч өлкө 1991-жылы "Веймар үчилтиги" деген уюм түзгөн.

Саммит учурунда Ирак маселеси да талкууланды жана президент Ширак - дүйнөлүк саясат эл аралык мыйзамдардын чегинде жүргүзүлүп, бардык өлкөлөр тааныган эрежелерге негизделүүгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, кайсы бир өлкөдөн коркунуч чыкты деп башка мамлекет ага озунуп сокку уруп жибергени - бүткүл дүйнө тааныган эрежелер чегине кирбейт. Ширак АКШны атабаганы менен, анын бул сыны Вашингтонго багытталганы анык.

Президент Квасневскинин - азыркы түзүлгөн абалда Польша АКШ менен Европа ортосундагы көпүрө болуп бере алат деген сөзүнө президент Ширак: "Европа Биримдиги менен АКШ ортосунда жаңы көпүрө куруунун эч зарылчылыгы жок", - деп жооп берди. Ширак дагы, Шрөдер да - Вашингтон сунуштаган жаңы резолюцияны конструктивдүү маанайда караштыра турганын билдиргени менен, бул иште Бириккен Улуттардын маанисин көтөрүү керек экенин дагы бир жолу белгилешти. Шрөдердин айтымында, эң биринчи кезекте запкы жеп жаткан Ирак элине жардам көрсөтүү керек: "Иракта гуманитардык катастрофа башталып кетишин эч ким каалабайт, ошондуктан биз жардам берүүгө тийишпиз. Алмания, Франция жана Польша - Ирак элине колунан келген бардык жардамды көрсөтөт. Экинчиден, бардык кайра куруу иштери Бириккен Улуттар Уюмунун астында жүргүзүлүүгө тийиш экени мен үчүн айдан ачык".

Вашингтондун чечими менен Ирак үч башка аймакка бөлүнөт жана ал аймактардагы коопсуздук үчүн АКШ, Британия жана Польша жооптуу болот. Бул милдетти аткаруу үчүн Варшава Берлинге кайрылып, өз аскерлерине немис күчтөрүн кошуп берүүнү өтүнгөн, бирок Вроцлавдагы саммитте Шрөдер андай сунушту четке какты.

Иракка болсо 10-май күнү кошуна Ирандан аятолла Мухаммед Бакир Хаким кайтып келди, ал шийилердин "Ирактын исламдык революциясынын жогорку кеңеши" деп аталаган уюмдун төрагасы жана мындан 20 жыл мурда Иранга качууга аргасыз болгон. Саддамдан кийинки Иракта шийилер исламдык мамлекет түзүүгө аракеттенүүдө жана Иран ага колдоо көрсөткөндүктөн, Вашингтон акыркы мезгилде Тегеранды катуу сынга алып келет. Бирок Ирак элинин 60 пайызы шийилер болгону менен, алардын ирандык шийилер менен байланышы өтө деле жакын эмес. 1980-1988-жылдарда Ирак Иран менен согушканда, ирактык шийилер Саддамга каршы көтөрүлгөн эмес.
XS
SM
MD
LG