Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

БОРБОР АЗИЯДАГЫ КООПСУЗДУК ЧӨЛКӨМДӨГҮ ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН ДЫМАГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ


Эл аралык уюмдардын иликтөөсү боюнча, Борбордук Азия ар кандай жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн болгон өтө опурталдуу аймак болуп баратат. Айрым аналитиктер «буга эң ириде чөлкөмдөгү мамлекет башчыларынын саясий дымактары түрткү берүүдө» десе, айрымдары «буга чөлкөм саясий кызыкчылыктары ар башка ири мамлекеттердин чок ортосунда тургандыгы таасир берүүдө» деген пикирде. Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыз кылыш үчүн эмне кылыш керек?

Борбордук Азиядагы мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирип турган башкы жагдай - бул жакырчылык. Мындай пикир Европа Өнүктүрүү жана Кайра куруу банкынын 4-5-майда Ташкен шаарында өткөн жыйынында так айтылды. Экинчи коркунуч – диний экстремисттик топтор менен «Өзбекстан ислам кыймылынын» биригип, азыркы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракеттениши мүмкүн. Андан тышкары, чек ара, миграция жана баңгизат соодасы сыяктуу опурталдуу көрүнүштөр кендирди кесиши мүмкүн. Чыгыш таануучу илимпоз Авазбек Атахановдун ою боюнча, бул проблемалар мурда эле айдан ачык болчу, бирок мамлекет башчылары аны иш жүзүндө чечүүнү улам артка таштап келатышат.

- Бул проблема, кризис ырбап кетсе, эртеби-кечпи чоң согушка алып келиши мүмкүн, - дейт Авазбек Атаханов. - Кээ бир мамлекеттердин башчылары бул проблемаларды көрүп туруп деле «муну бүгүн мен чечпейм, эртең чечем» деген кыязда болуп жатышат. Бүгүнкү мамлекет башчылары ушул проблемаларды түздөн-түз көтөрүп, биринин артынан бирин чечпесе, чоң кризиске алып келиши мүмкүн. Эгер Борбордук Азияда бир кризис же чатак чыкса, ал бардык мамлекеттерге таасир тийгизээрин 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы көрсөттү. Демек, мындай көрүнүш Борбордук Азияда оптималдуу коопсуздук системасы жок экендигин айгинелейт.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин ою боюнча, мындай кырдаалдан чыгуунун бир жолу - бирдиктүү соода рыногун түзүү.

- Борбордук Азияда ар тараптуу ички эркин рынокту түзүшүбүз керек. Мисалы, соода, чек аралардан өтүү эркин болушу керек. Соода - бул мамлекеттердин байланышын бекемдөөдөгү эң натыйжалуу курал, - дейт вице-премьер-министр.

Жоомарт Оторбаевдин ою боюнча, Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунуч келтирген дагы бир жагдай бар. Ал - суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануудагы пикир келишпестик. Суу башындагы Тажикстан менен Кыргызстандын сууну товар катары сатуу ниетине региондогу калган үч мамлекет - Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан макул эмес.

- Биз тажиктер менен бирдей көз караштабыз. Биз бир сунуш киргизсек берки мамлекеттер макул эмес. Алар сунуш айтса биз макул эмеспиз. Биздин диалогубуз дүлөйлөрдүн маегине окшош болуп, бири-бирибизди укпай жатабыз, - дейт Жоомарт Оторбаев.

Ошон үчүн суу башындагы эки мамлекет эл аралык финансы уюмдарынан жана донор-мамлекеттерден суу-энергетика маселесин чечүү боюнча бирдиктүү долбоорду сунуш кылууну өтүнгөн.

- Алар тыштан бир долбоорду алып келсе эң туура болот. Себеби, суу жана энергетика боюнча башка макулдашуулар бар. Ошону бизге үлгү катары алып келсе, региондогу бардык мамлекеттер макул болушат. Анткени, ал эл аралык тажрыйба, - дейт Жоомарт Оторбаев.

Ал эми айрым аналитиктер, «Борбордук Азияда бышып турган проблемаларды чечиш үчүн ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын камтыган трансулуттук корпорацияларды түзүү зарыл» дешет. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О” Кифтин пикири боюнча, бул өтө негиздүү.

- Менин оюмча, бул эң туура ой. Албетте, бул жерде стабилдүүлүк менен коопсуздукту камсыз кылуунун көптөгөн жолдору бар. Бирок алардын эң башкысы - экономикалык абалды оңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү. Ошондой эле аймактагы экономиканын жанданышына соода-экономикалык байланыштардын эркин болушу башкы шарт. Региондогу кызмат көрсөтүү жана соода-сатык мамилери үчүн чек ара ачылыш керек, - дейт АКШнын Кыргызстандагы элчиси.

Албетте, бул багытта аракеттер жок эмес. Бирок алар натыйжа берген жери жок. Анын себебин Жоомарт Оторбаев мындайча түшүндүрдү:

- Себеби, Тажикстан жана биздин мамлекет кичинекей. Бизде лидер болуу дымагы жок. Менимче, бирок, кээ бир кошуналар «биз лидер болобуз» деп, бири-бирин көрө албай, жалпы чечимге келе албай жатышат.

Демек, региондогу коопсуздукту бекемдөөнүн башкы куралы мамлекет башчыларынын саясий чечкиндүүлүгү менен жалпы региондук кызыкчылыкты көздөөсүнө байланыштуу болуп тургансыйт. Ал эми саясаттан алыс карапайым калк буга өтө муктаж. Муну жыл башында өзбек тарап Кыргызстан менен Өзбекстандын Карасуу шаарларын бириктирип турган көпүрөнү бузса да, ал жердегилер өздөрү каттаганга жол табууга аракеттенгени айгинелейт.

XS
SM
MD
LG