Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ, БАГДАД КӨЙГӨЙҮ, УЛУТТУК АКЧАНЫН ОН ЖЫЛДЫГЫ


Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 58 жылдыгы белгиленди. Салтанатка бай май айынын башында кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыгартылганына 10 жыл толду. Апта соңундагы кыргыз басылмаларында өзгөрүлмөлүү дүйнөдөгү жаңы саясат - өкүмзор башкаруучунун өлчөөсүз бийлигин күч менен кулатуу проблемасы да байма-бай чагылдырылууда.

Жеңиш күнү канмайданда жарадар болуп, Мекенинде жантаслим болгон жоокерлердин Бишкектин батыш тарабындагы Кызыл Аскер районундагы мүрзөсүндө эскерүү жыйыны өтүп, ага катышкандар урушта курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришкенин жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити маалым кылды.

Жеңиш майрамынын алдында, 8-май күнү Ош шаарынын чок ортосунда жарылуу болуп, андан бир жаран курман болгондугун, жардыргыч затты кимдер койгондугу азырынча белгисиз экенин, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын Эрлан Сатыбеков баяндайт. Автордун маалымдоосуна караганда, Ош шаарындагы буга чейинки террордук актылардан 5 адам набыт болушкан.

Гезит кабарчысы Артем Петров Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин ичиндеги жаңжалдын чоо-жайын иликтөөгө алган. “Комитет мүчөлөрү чет элдик сүрөөнчүлөрдөн келген 460 миң долларды Рамазан Дырылдаев кайда жумшаганын такташ үчүн чет элден аудиторлорду чакыртышууда. Анткен менен кесиптештеринин койгон дооматына Р.Дырылдаев макул эмес”, деп белгилейт макала автору.

Гезиттин маалымдоосуна караганда, Оштогу эл аралык бизнес-форумда Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков Өзбекстан менен Казакстандан жүк ташып өтүүнүн кыйынчылыгына токтолуп, бажы, жол тосмолорго жок эле дегенде 2 миң доллар төлөнөөрүн ачыкка чыгарган.

“Жаңы кыргыз сому 1993-жылы 10-майдан баштап киргизилген, акча алмашуу 5 күнгө созулган, 200 советтик рубль 1 сомго бааланган”, деп маалымдайт ушул эле гезитте Любовь Борисенко. Алгачкы 1, 5, 20 сомдуктардын дизайны 3 күндүн ичинде даярдалып, жаңы акча убактылуу чыгарылган, бир жылдан кийин алар кыйла бекем корголчу акчаларга алмаштырылган.

Жума күнкү “В конце недели” апталыгында Полтава техникалык университетинин окутуучусу А.Тюниндин “42-жылдын аптаптуу жайында” деген эскерүүсү жарыяланды. “Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев өзүнүн эрдигин Александр Матросовдон алда канча илгери жасаган”,- деп жазат автор. Анын айтымында, ушу тапта мурда уруш болуп өткөн жерлерде баскынчыларга кооз эстеликтер коюлуп, миллиондогон бейкүнөө адамдардын канына забын болгондорду актоо аракети жасалууда, антишке эч кандай негиз жок. Апталыктын жаңы санында жарыяланган маегинде профессор Эднан Карабаев АКШнын Ирак саясаты тууралуу ой жүгүртөт. Окумуштуунун пикиринде, өз алдынча өлкөнү аскер күчү менен багынтып, жаңы режим орнотуу аракети жаңы кылым кабылган осол окуядан болду.

“Америка дүйнөгө ээлик кылуу, планетардык масштабда баарын тескеп туруу милдетин Жараткандын өзүнөн алгансып, тарыхый сюжеттерди кайталоого өттү,- дейт Эднан Карабаев. – Өткөн менен бүгүнкүнүн кыл келишпестигин эсепке алганда, мындай аракеттин арты кандай болоорун аңдоо анчалык деле кыйын эмес”.

“Кыргыз сомуна президент А. Акаевдин сүрөтүн тартуу керекпи-жокпу” деген суроонун тегерегинде жума күнкү «Заман Кыргызстан» гезитинде Ибраим Нуракун уулу ой жүгүрткөн. Автордун пикиринде, улуттук акчанын киргизилишинин 10 жылдык мааракесинин урматына чыгарылган кымбат баа теңгелерге “президент А.Акаевдин сүрөтү түшүрүлсө ашыкча болбос беле”. Учурунда кыргыз өкмөтүн башкарган Амангелди Муралиевдин айтымында, А.Акаев мындай сунушка макул болбойт, жердиги демократ андайга жол бербейт.

Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясына 10 жыл толгону, учур талабына жараша ал оңдоо-түзөтүүлөргө кабылганы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин “Эркинтоо” гезитиндеги баяндамасында чагылдырылган. Басылманын жума күнкү санында тарыхчы Өскөн Осмоновдун “Манас” эпосунун тарыхый негиздерин аныктоого арналган макаласына да орун берилген. Окумуштуунун ою боюнча, “Манастагы” Чоң казат кыргыздардын кытай баскынчыларына каршы күрөшкөн мезгилине, тактап айтканда, VII - VIII кылымдардагы тарыхый окуяларга туш келет.
XS
SM
MD
LG