Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ЛИТВАЛЫКТАР ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КОШУЛУУНУ ЭҢСЕЙБИ?


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Жекшембиде Литвада Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча эки күндүк референдум соңуна чыгууда. Буга чейин биримдикке 10 жаңы талапкер-мамлекеттин ичинен Малта, Словения жана Венгрияда референдумдар өткөрүлүп, жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү оң жооп берген. Литвада болсо элдин аз катышуусу добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратат деген кооптонуулар арбын болгондуктан, референдумду эки күн өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

2004-жылы Европа Биримдигине дагы жаңы 10 мамлекет кошулат деп күтүлүүдө. Уюмга кабыл алуу жөнүндө Брюссел менен талапкер-өлкөлөр атайын келишимге кол коюшканы менен, негизги чечим калк тарабынан кабыл алынмакчы. Литванын 2,6 миллион шайлоочусунун көбү Европа менен жуурулушуу жараянын колдойт деп күтүлүүдө. Апрель айында жергиликтүү “Вилморус” компаниясы өткөргөн сурамжылоого ылайык, Евробиримдикке кошулууну каалагандардын саны – 66,3 пайызды түзгөн, каршы чыккандар – 13,3 пайыз болгон, ал эми деп суралгандардын дээрлик 20 пайызы арсар маанайда жооп берген. Литва өкмөтүнүн Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр жаатында жооптуу өкүлү Петрас Аустревичюс референдумдун мааниси жөнүндө мындай дейт:

- Мен бул референдумду тарыхый окуя катары баалаар элем. Эмне дегенде, добуш берүү аркылуу өлкөнүн акыркы 15 жыл ичиндеги жетишкендиктери, ийгиликтери, мындайча айтканда, мыйзам түрүндө бекитилмекчи. Башка сөз менен айтканда, элибиз Евробиримдикке кошулуу үчүн жасалган бардык аракетибизге дагы бир ирет колдоосун тастыктайт. Мен муну өтө маанилүү жана тарыхый окуя деп эсептейм.

Добуш берүүгө чейин өлкө жетекчилигин элдин катышуусу абдан кооптонткон эле. Мыйзам боюнча, референдум өттү деп эсептеш үчүн добуш берүүгө укугу бар жарандардын 50 пайыздан кем эмес бөлүгү шайлоо участкаларына келип, өз эркин билдириши керек. Литвада болсо бул көрсөткүч төмөн болот деп күтүлгөн. Ошондуктан азыркы референдум, адаттан тышкары, эки күнгө белгиленген. Дагы бир өзгөчөлүк - шайлоочулар өз каалоосун почта аркылуу да билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ишемби күнү кечинде берилген маалыматка караганда, добуш берүүдөн баш тарткан адамдардын саны 23 пайызды түздү. Ошол эле күнү Литванын шайлоо комиссиясынын төрагасы Зенонас Вайгаускас жекшембиде бул көрсөткүч өссө, акция үзгүлтүккө учурайт деген кооптонуусун билдирди. Өлкө президенти Роландас Паксас жекшембиде эртең менен бул маселе тууралуу сөз кылды: “Жагдайды көзөмөлдөп турабыз. Азыр, ушул мүнөткө карата алынган маалыматтарды алсак, 50 пайыздык тосмодон өтө алабыз деп ойлом”.

Элдин активдүүлүгүн арттыруу максатында өкмөт тарабынан бир катар иш-чаралар көрүлдү. Шайлоочулар үчүн ишембиде Вильнюс менен шаардын чет жакаларын байланыштырган атайын автобус каттамдары ачылды. Ошол эле күнү кечинде президент Паксас сыналгы аркылуу элге кайрылды: “Кайдыгер мамиле жасабооңорду чың жүрөгүмөн суранам. Келечекти ойлогула. Өзүңөрдүн келечегиңер үчүн, Литванын келечеги үчүн добуш бергиле. Биз Евробиримдикке кирүү жөнүндө келишимге кол койдук, бирок акыркы сөз Литва элине таандык болмокчу”, - деп үндөдү президент Паксас.

Үгүт демекчи, бул күндөрү жергиликтүү сыналгынын Евробиримдикке кошулуунун артыкчылыктарын баяндаган рекламалары бүтүндөй өлкөнүн шаар-кыштактарынын көчөлөрүндө жайнап турду. Вильнюстагы эл аралык байланыштар институтунун аналитиги Лаурас Биелинис Евробиримдик үчүн добуш берүүгө үгүттөөнүн эң жакшы жолу - башка бир жагымсыз биримдиктен жаңы эле арылгандыктарын элдин эсине салыш керек деп эсептейт:

- Калк өлкөбүздүн Европага жуурулушуусу жөнүндө ар кыл пикирде болушу мүмкүн. Реклама жөнүндө да ар кандай ойлошу мүмкүн. Бирок коомчулук Советтер режими учурундагы жашоо-турмушун унута элек. Эл азыркы турмушу менен мындан 10-15 жыл мурункусун оңой эле салыштыра алат.

Адистердин көбү Литвадагы добуш берүүнү маанилүү сынак катары баалашат. Анткени июн айында ушундай эле референдумдар Словакияда жана Польшада өткөрүлмөкчү. Белгилүү болгондой, өзгөчө Польшада шайлоочулардын активдүүлүгү абдан төмөн.

Ал эми добуш берүү чындап эле үзгүлтүккө учурап калса кандай болот? Эксперт Биелинис бул чоң деле трагедия болбой турганын айтат. Албетте, референдум терс жыйынтык берсе, ал жетекчилик үчүн кандайдыр бир утулуу катары бааланат, бирок чоң алаамат эмес. Мындай кырдаалда күз айларында экинчи референдум өткөрүлөт. Эң жок дегенде Литва 2007-жылы Румыния жана Болгария менен бирге Европа Биримдигине кошулууга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк алмакчы.

XS
SM
MD
LG