Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Колин Пауэл палестиналык жаңы өкмөт жетекчиси менен жолукту


АКШнын Мамкатчысы бүгүн эртелеп Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен жолугуп, АКШ сунуштаган тынчтык планы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн эле. Түштөн кийин Пауэлл Батыш Жээкте палестиналык жаңы өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен жолугушуп, кийин Аббас менен чогуу кабарчылардын суроолоруна жооп берди.

- Көп киши запкы тартып жатканда, Палестина мамлекеттин түзүү убадасы бош сөз бойдон калууда. Биз алыбыз жетпейт деп отуруп калбашыбыз керек. Мен азыр эле палестиналык жетекчиликке террористтик инфраструктураны чечкиндүүлүк менен жок кылууну, ал эми Израил өкмөтүнө палестиналыктардын күнүмдүк турмушун жакшыртууга өз салымын кошуп, алардын ар-намысына шек келтирбөө керектигин айттым, - деди Пауэлл.

Ал эми палестиналык өкмөт башчысы Махмуд Аббас эл аралык дипломатияга ишеним артаарын мындайча билдирди:

- Американын дипломатиялык миссиясы, ошондой эле Жакынкы Чыгыш боюнча арачылар төртилтиги бул ишти аягына чыгарат деп ишенем, аткени баарыбыз жаңы тынчтык планына ишенип, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек деп турабыз.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алдында Израилдин армиясы Батыш Жээкте жана Газа Тилкесинде жол чектөөлөрүн күчүнөн кетирип жаткандыгын жарыялады. Аталган аймактарда ошондой эле бир палестиналык киши, Израилдин бир аскери окко учту.

XS
SM
MD
LG