Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Венада Кыргызстандын инвестициялык маселелерине арналган эл аралык конференция болот


БИШКЕК. 12-14-майда Венада «Борбордук Азияда инвестицияларды тартуу боюнча программаларды ишке ашыруу. Биринчи баскыч - Кыргызстан» деген темада эл аралык конференция болот. Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы ЮНИДО (Өнөр жайын өнүктүрүү боюнча уюм) тарабынан уюштурулган бул конференция Кыргызстанга арналат. Анда өлкөгө инвестицияларды тартуу маселелери, Кыргызстандын ЮНИДО менен жана Япониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги менен болгон байланыштарынын болочок багыттары талкууланат. Жыйынга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышат. Ж. Оторбаев Венада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Ян Кубиш жана Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар өкүлдөрү менен да жолугушат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG