Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Бүгүн Карасуу жана Каракулжа шайлоо округдарында парламенттик шайлоо болуп өттү


БИШКЕК. Бүгүн Ош облусуна караштуу № 33-Каракулжа шайлоо округунда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы болуп өттү. Андагы депутаттыкка талапкерлер өткөн жылдын октябрь айындагы шайлоонун биринчи айлампасына катышкан Замирбек Парманкулов менен Жолборс Осмонов болушту. Ал эми бул округдан шайлоонун биринчи айлампасына катышып, шайлоочулардын эң көп добушун алган дагы бир талапкер Үсөн Сыдыков сот чечими менен шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан четтетилген. Ушундан улам анын тарапкерлери буга чейин бийлик өкүлдөрүнө Ү. Сыдыковду шайлоонун экинчи айлампасына катыштырууну талап кылып, атайын кайрылышкан эле. Каракулжа округдук шайлоо комиссиясынын катчысы Гүлмира Үмөталиевадан алынган маалымат боюнча, түштөн кийинки саат 16.00 карата шайлоого 23863 адам, башкача айтканда шайлоочулардын 34,1% катышты жана Үсөн Сыдыковдун шайлоочулары тарабынан нааразылыктар болгон жок. «Шайлоо тынч эле өтүп жатат. Үсөн Сыдыковду колдогон шайлоочулардын айрымдары азыр Замирбек Парманкулов менен Жолборс Осмоновго өз добуштарын беришүүдө. Шайлоочулардын 50% катышат деген үмүттөбүз», - дейт Каракулжа округдук шайлоо комиссиясынын өкүлү.
Ушул эле күнү Ош облусуна караштуу № 30-Карасуу шайлоо округунда да парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул округда талапкерлер Муратбек Малабаев жана Таалайбек Сабиров депутаттык мандат үчүн ат салышты. Округдук шайлоо комиссиясынын катчысы Жамиля Ормонованын маалыматы боюнча, кечки саат 17.00 карата шайлоого 40200 адам, башкача айтканда шайлоочулардын 64% катышты. Каракулжа жана Карасуу шайлоо округдарындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары эртең жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG