Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Кыргыз мамлекетинин башында 1990-жылдан бери турган президент Аскар Акаев, ал жүргүзүп жаткан саясат жана анын инсандык сапаты тууралуу коомдо айтылган пикирлер ар түрдүү.

1990-жылдын 27-октябрында, ал кездеги парламент депутаттарынын шайлоосу менен президенттикке келген Аскар Акаевдин Кыргызстанды жетектей баштаганына быйыл 13 жылдын жүзү болот. Бул жылдар аралыгында мамлекеттин тарыхын түзгөн өтө урунттуу бурулуш окуялар көп болду. Анын эң башкысы – А. Акаевдин башкаруусунун алгачкы жылдарында Кыргызстандын «демократия аралчасы» деген атакка ээ болушу. Мындай баа А. Акаевдин коңшу мамлекеттердин президенттерине салыштырмалуу басма сөзгө, сөз эркиндигине кеңири жол ачып, рынок экономикасына багыт алган саясат жүргүзүшүнөн улам берилип, өлкө эл аралык финансы уюмдарынын ири кредиттерине ээ болду.

Президент жана анын саясатына каршы алгачкы сын 1993-жылы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишим түзүүгө байланыштуу чыгып, кийин «Свободные горы» аттуу парламенттик гезитти жабуу, «Республика» гезитине каршы соттошуулар, Топчубек Тургуналиевдин, Феликс Куловдун камагы менен уланып, алардын баары Акаевдин аты менен байланыштырылды. Ушундан улам коомдо азыр президентке жана анын саясатына карата көз караштар, пикирлер ар түрдүү. Мисалы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков «Акаевдин мүнөзүндөгү карама-каршылык анын саясий бейнесиндеги жакшы сапат эмес» деген ойдо.

- Негизи падыша чечкиндүү болушу керек. Кандай маселе болбосун өзүнө милдетти, жоопкерчиликти алып туруп, бир чечимге келиши керек. Бул жагына келгенде Акаевдин чечкиндүү эмес экенин байкап калдым. Бирок, ошол эле кезде экстремалдуу кырдаалда бат чечим кабыл алганы кызык. Мисалы, ГКЧП болгондо чечкиндүү кадам жасап, бир тараптуу болуп туруп мамлекетти сактап калды. Улуттук валютаны киргизип жатканда да кыйын-кыйын мамлекеттердин президенттери «болобу-болбойбу» деп ойлонуп жатышканда чечкиндүү кадамга барып, Кыргызстандын экономикасын сактап калды. Ал эми жайбаракат саясатта бат чече турган маселени чоюп туруп алып, ал ырбап кетип жатат, - дейт ал.

Ишенбай Кадырбековдун ою боюнча, буга кийинки кезде президентке өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалыматтардын толук жетпей жаткандыгы башкы себеп.

- Акыркы күндөрү президенттин чолок саясат жүргүзүп жаткандыгынын бир себеби бар экендигин билдим, - дейт Ишенбай Кадырбеков. - Бул ага маалыматтын толук жетпегендиги. Президенттердин, хандардын тегерегиндеги адамдардын бир оорусу бар. Ал ханга жакын болуш үчүн башка маалыматтарды жеткирбей өздөрүнө керектүү гана маалыматты берүүчү система кирип калат. Менин байкашымча, акыркы жылдары президентке жакшы, ага жагымдуу гана маалыматтар жетип калды. Мына ушул себептен улам акыркы эки жылда бир катар каталарды кетирди. Мисалы, Аксы окуясы болбош керек эле, аны болтурбаганга шарттар да бар эле. Ал бир тараптуу маалыматты уккандыктан ушуга барды.

Ал эми Кыргызстандагы тажиктердин «Рудаки» ассоциациясынын президенти Абдухалим Раимжанов Акаевди демократиялуу башкаруунун белгиси катары баалайт.

- Мен Аскар Акаевичти көп жылдан бери билем, мугалим болуп Политехникалык институтта иштеп жүргөндөн бери билем, - дейт Абдухалим Раимжанов. - Борбордук Азиядагы бардык президенттердин ичинен демократияны жогору туткан адам ушу. Себеби, мен бардык коңшу мамлекеттерге барып жүрөм, ошол жердеги эл менен учурашып турам. Аларда ачык-айкын эч ким сүйлөй албайт. Эгер кокустан президент жөнүндө сөз болуп калса, анын аягы жаман болот. Бизде ким кандай кааласа ошондой сүйлөйт, сын айтат, гезиттерге да ар кандай карикатура кылып чыгарып жатышат. Ошондуктан мен Аскар Акаевди инсан, адам катары өтө жогору баалайм. Адамгерчилиги абдан жогору, улуттардын баарына бирдей көз менен карайт. «Колдо бар алтындын баркы жок» дейт, эгер элибиз мага окшоп башка өлкөлөргө барып, ошолордун ичинде болуп салыштырса, көбү мага окшош баа берет эле.

Ал эми Аскар Акаевдин 1978-жылдан берки шакирти, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев «элет жеринен чыккан Акаев илимпоздугу, саясаттагы акылмандыгы менен кыргыз элинин Ломоносову катары барктуу» деген ойдо.

- Жалпысынан алганда бул киши биздин мамлекетибиз үчүн Ломоносов десек жаңылышпайбыз, - деди Кубанычбек Жумалиев. - Себеби, Ломоносов илимге кеч келсе да, өзүнүн акылдуулугу менен бардык тармактарда иштеген. Аскар Акаевичтин бүгүнкү күндөгү деңгээлинен улам ал мамлекетибиздин бардык тарабындагы проблемаларды абдан терең түшүнүп, абдан терең билген адам деп мүнөздөйм. Бүгүнкү күнү базар экономикасында, демократия принцибиндеги мамлекет түзүлүп жатканда кандай кадам шилтеш керектигин жакшы түшүнгөн, бардыгын көрүп-билген президент, проблемалардын туу чокусуна жетип, каныккан президент.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов Аскар Акаевдин президент катары артыкчылыктуу жана терс касиеттери тууралуу төмөнкүчө баа берди:

- Бул кишинин артыкчылык жактарын ачык айталы. Ал саясий митайымдыгы, куулугу жана калпты чындай айтып, элди алдай билгендиги. Мына үч касиетине мен таң калбай калдым жана булар анын инсан катары артыкчылыктуу касиеттери. Ал эми президенттин эң начар жагы - инсан катары алсыздыгы. Алсыз киши гана элди куулук, коркутуп-үркүтүү менен башкарат. Күчтүү инсан болсо элдин баары аны ээрчимек.

Кыргыз саясатчыларындай эле карапайым калктын өлкө башчысы тууралуу ойлору да ар кыл:

- Менимче, президент катары ал бышып жетилип калды. Кыргыз элине дагы кереги бар. Мен президентке бардык жакшылыктарды каалайм, - дейт бири.

- Биздин президент жакшы иштебей жатат. Мисалы, Путинди көрсөк, күн сайын ар кандай келишимдерди түзүп, Орусия алдыга жылып атат. А биздин Кыргызстанда андай учур байкалбайт, - дейт дагы башкасы.

- Акаевдин саясатына бир жактуу караган болбойт. Бирөөнү жактырып, бирөөнү жактырбай кабыл алабыз. Мисалы, «жакырчылыкты жоёбуз» деп программаларды кабыл алып жатат. «Ал ишке ашып жатат» деп жатышат. Бирок, элге эле кыйын болуп атат. Кредит чоң процент менен берилип, эл аны төлөп бере албай жатат. Жактырган жагым болсо - тышкы саясаты. Мен ошону аябай жактырам, - деди Бишкектин тургундарынын бири.
XS
SM
MD
LG