Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

СССР МЕНЕН АКШнын ОРТОК ЖЕҢИШИ, ТҮШТҮКТӨГҮ САЯСИЙ КЫРДААЛ, КЫРГЫЗСТАНГА ЖАКШЫ БАА БЕРГЕН ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Кыргызстанда Конституция күнү, Улуу Жеңиш майрамы белгиленген болсо, өлкөнүн түштүгүндө саясий нааразылык күч алды. Бирок экономика жаатында Кыргызстан жалпы жонунан Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу ири финансы уюмдарынын жакшы баасына татып келатат. Антсе да Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууну реформалоого дагы бир жолу каражат бөлүү ниети өлкөдө жасала турган иштер дагы да болсо арбын экенин айгинелеп турат.

Бул аптада Кыргызстанда Конституция күнү жана Улуу Атамекендик Согуштагы Улуу Жеңиш Күнү белгиленди. Жеңиштин 58 жылдыгынын урматына Бишкекте митинг-реквием өтүп, ага президент Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргызстан менен кызматташ өлкөлөрдүн элчилери, Улуу Атамекендик Согуштун ардагерлери, жоокерлер катышты. Митингде сүйлөгөн сөзүндө президент Улуу Атамекендик Согуштагы кыргызстандыктардын эрдигин жогору баалап, кызык жери, башка өлкөлөр менен катар андагы АКШнын жоокерлеринин көрсөткөн эрдигин да өз сөзүнө кыстара кетти.

- Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкен жана улуу Орусия менен коалицияга кирген Америка Кошмо Штаттарынын жана башка өлкөлөрдүн жоокерлери бүгүнкү Жеңиш Күнүндө минтип жанаша турушу символикалуу, - деди мамлекет башчысы.

Ушуга караганда президент А. Акаев Кыргызстанда жайгашкан Эл аралык антитеррордук коалициянын, анын ичинде АКШнын региондогу коопсуздукту камсыз кылуудагы ролуна жогору маани берип жатканын баса көрсөткүсү келген сыяктанат.

Мурда божомолдонгондой, ал арада түштүк тарапта саясий окуялар күч алды. Эл-журттун бейпилдигин ойлоп, шайлоочулары менен жолугуша албастыгын билдирген Үсөн Сыдыковдун катына карабастан, анын 350дөй тарапкери Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттарынын катышуусу менен жыйын өткөрүштү. Жыйындын катышуучулары Үсөн Сыдыковдун шайлоодон четтетилгенине нааразылык билдиришип, 11-майга белгиленген шайлоонун экинчи туруна катышпай тургандыктарын маалымдашкан. Алар азыркы президентти кезектеги мөөнөткө шайланууга үндөгөн чакырыктарга каршы да чыгышып, «А. Акаев 2005-жылдан кийин шайлоого барбашы керек» деген пикирлерин айтышкан. Ага чейин Аксы районунун Карасуу, Каражыгач, Жаңыжол жана Кызылтуу айылдарында 7 миңден ашуун киши катышкан жыйындар болду. Анда Аксы окуясында жабыркагандардын апелляциялык арыздарынын 14-майда Майлысуу шаарында кароо белгиленгени талкууланып, жыйындын катышуучулары арызды Кербен айылында кароону талап кылышты. Ал эми 11-майда № 30 Карасуу жана № 33-Каракулжа шайлоо округдары боюнча парламенттик шайлоолор жана Ош облусунун бир катар райондорунда айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерин шайлоо да белгиленген. Түштүктөгү саясий абалдын мындан аркы өнүгүшү көп жагынан ошол иш-чаралардын жыйынтыктарына, ошондой эле 14-майда Майлысууда өтө турган сот отурумунун тыянагына жараша болмокчу.

Экономикалык маанилүү жаңылыктардын ичинен Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 27 миллион 800 миң доллар өлчөмүндө кредит бөлүүгө ниеттенип атканын атап өтсө болот. Бул кредиттик макулдашууга банк менен кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери май айынын ортосунда кол коюшмакчы. Алынган каражатка Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда структуралык реформа жүргүзүлүп, анын ачыктыгын камсыз кылчу мыйзамдар кабыл алынат.

Өлкөнүн дагы бир эң ири донору болгон Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен кыргыз өкмөтү жакырчылыкты кыскартуу боюнча 3 жылдык программаны ийгиликтүү аткарып жатканын, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук орноп, тышкы карыздарды азайтуу стратегиясы оң натыйжа берип атканын жакынкы маалымат жыйынында билдирди. Саавалайнендин айтымында, миссиянын ишинин жүрүшүндө 2003-жылкы бюджетке өзгөртүү киргизүү жагы макулдашылды. Бюджетти өзгөртүү зарылдыгы өлкөдөгү табигый кырсыктарды жоюуга 200 млн. сом бөлүнө тургандыгына байланыштуу келип чыкты. Ошондуктан бюджеттин дефицитин 200 млн. сомго көбөйтүү ЭВФ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда макулдашылды. Премьер-министр Николай Танаев болсо Эл аралык Валюта Фондунун аткаруучу деректиринин орун басары Эдуардо Аннинат менен жолугушту. Эдуардо Аннинат мырза Кыргызстандын 449 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын кечүү маселесин Париж клубунун алдына коюуга көмөктөшөөрүн билдирди.

Өкмөт өзү да бир катар экономикалык проблемаларды чечкенге аракеттенүүдө. Мисалы, жакында Кадамжай сурьма комбинаты сурьма концентратын Тажикстандан ала баштайт. Чийкизаттын жетишсиздигинен улам Кадамжай сурьма комбинаты убактылуу токтоп, ага Тажикстандын сурьма концентратын сатпай койгондугу себеп болгон эле. Анткени Тажикстан сурьма концентратын Кытайга кымбат баада сата баштаган. Кыргыз тарап эми аталган затты Орусиянын Саха Республикасынан да сатып алууга жана өлкөнүн өз аймагында сурьма кенин издөөгө аракет көрө баштады.

XS
SM
MD
LG