Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Санарбек Карымшаков, Бишкек «Манасчы - айтуучулук өнөр» деген монографиянын автору, жаш «Манас» изилдөөчү жана манасчы Мирлан Жумалиев илим жолунда да, өнөр жолунда да изденүүлөрдү башынан өткөрүп, ийгиликтерге жетишип келатат.

Мирлан Жумалиев 2002-жылы Бишкек гуманитардык университетинин түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, ушу тапта ошол факультетте окутуучу жана декандын орун басары кызматын аркалап келүүдө.

Ал университеттин босогосун аттагандан баштап, терең билим алууга тырышуу менен, коомдук иштерге да активдүү катышып келген. «ХХ кылымдын кадрлары» билим берүү программасынын президенттик «Үмүт» стипендиясына татыктуу болуп, факультетте студенттик кеңештин төрагасы, окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, өздүк-көркөм чыгармачылык тобунун активдүү катышуучусу болгон.

2000-жылы жогорку окуу жайлар аралык универсиадада эркин күрөш боюнча экинчи орунду ээлеп, спорт чеберине кандидаттык нормасын толтурат да, «эркин күрөш боюнча нускоочу-машыктыруучу» деген күбөлүктүн ээси болот.

Мирлан манасчы катары да белгилүү. Ал эл аралык жана республикалык манасчылардын кароо-сынактарынын бир нече жолку жеңүүчүсү жана лауреаты. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн манасчылардын кароо-сынагында байгелүү 3-орунду, ал эми Атай Огомбаевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Талас таңшыйт» аттуу фольклордук-музыкалык телефестивалда байгелүү 1-орунду жеңип алган. «Бишкек жазы – 2002» студенттик фестивалынын лауреаты жана I даражадагы дипломдун ээси. Ошол 2002-жылы өткөрүлгөн, Муса Баетов менен Шекербек Шеркуловдун 100 жылдыгына арналган фольклордук музыка жана кол өнөрчүлөрдүн эл аралык телефестивалында да манасчылык өнөр боюнча байгелүү биринчи орунду ээлеген. Ал инилери Чыңгыз жана Токтоболот менен бирге 1994-жылы «Кичинекей манасчы» аттуу телефильмге тартылган.

Ал манасчы гана эмес, «Манас» изилдөөчү катары да мазмундуу илимий эмгектерин жазып келатат. Атасы, филология илимдеринин кандидаты Курманбек Жумалиев менен авторлошуп, «Легендарлуу ырчылар жана жомокчулар», «Түштүктүк манасчылар жана семетейчилер» деген китептерди жазып, илимий-практикалык конференцияларга биринчи даражадагы дипломдор менен грамоталарга татыктуу болгон илимий баяндамалары менен катышып келет.

23 жаштагы бул жигит жакында «Манасчы – айтуучулук өнөр» деген 11 басма табак көлөмдөгү монографиясын жарыкка чыгарып, профессор Раиса Заитовна Кадырбаеванын жетекчилиги менен «Манасчы - сөз маданиятын жаратуучу жана сактоочу» деген темада кандидаттык диссертациясын бүтүрүп, талкууга койду.

- Мирлан мырза, ушул монографияңдын мазмуну тууралуу кыскача айта кетсең?

- Монографияда Айкөл Манасты эң биринчи айтып, аны жаратып, уламыш-аңыз катары ысымдары биздин күндөргө чейин айтылып калган легендарлуу ырчылар – Жайсаң Үмөт уулу менен Ырамандын Ырчы уулу экендигине басым жасалды. Экөө тең Манастын кырк чоросунан. Алар айкөл атабыз Манасты ырга айландырып, улуу эпосту жаратып, аны түптөп ган тим болушпастан, эл-журттун, калайык-калктын арасына жайылтуучулар болгон. Жайсаң ырчы, Ырамандын Ырчы уулу – ары жоокер, ары баатыр, ак калпак элибиздин башына түн түшкөндө, өздөрүнүн оттуу жана жалындуу ырлары менен журтчулукту руханий жактан азыктандырган, ошондой эле аш-тойлордо жарчылык милдетти да аткарышкан. Боордош казактар айткандай, «сегиз кырдуу» өнөр ээлери. Манас баатырдын жарык дүйнөгө келгенинен баштап, өлгөнүнө чейинки иш-аракеттерин, эрдиктерин, элине сиңген өлбөс-өчпөс эмгектерин бир сюжетке бириктирип, көлөмдүү чыгармага айланткан Токтогул ырчы тууралуу да учкай сөз болду. Иште Октябрь революциясына чейин жашаган Келдибек Барыбоз уулу, Балык (Бекмурат) Кумар уулу, Чоңду, Назар Болот уулу, Акылбек, Тыныбек Жапый уулу, Кенжекара Калча уулу, Чоюке Өмүр уулу, ошондой эле совет доорунда өмүр сүрүшкөн чоң манасчылардын эң акыркы өкүлдөрү: Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Каралаев, чыныгы манасчылар Тоголок Молдо, Ыбрайым Абдрахманов, Молдобасан Мусулманкулов сыяктуулардын манасчылык өнөрдү кандайча аркалап калышкандыктарын ачып берүү жагы колго алынды. «Манас» үчилтигин айтуучуларга карата «жомокчу», «манасчы», «семетейчи» терминдеринин келип чыгышы, пайда болушу, өз ара жиктелиши, алардын бири-биринен болгон өзгөчөлүктөрү, жалпылыктары, эң башкысы - өз алдынча терминге ээ болгонуна басым жасалды.
XS
SM
MD
LG