Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Бүгүн дүйнө элдери глобалдашуунун адегендеги үзүрүн башынан кечирип атса, түрк тилдүү калктар тескерисинче бириндеп, ар кимиси «өз көмөчүнө күл тартып» аткандай. Илимий-популярдуу басылмаларда «Кыргыз цивилизациясы», «Казак цивилизациясы» сыяктуу макалалар жарыяланып жүрөт. Балким, башында бир чектен чыккан түрк тилдүү калктардын түркүн цивилизациясы болгондур?

«Цивилизация» термининин жаралыш өзөгүндө латын сөзү «civilis», башкача айтканда «граждандын», «шаардык адамга» тийиштүү касиетин билдирчү түшүнүк жатат. Мындай туюнтма шаардык чөйрөгө мүнөздүү келген ажарлуулук, сылыктык, сезимталдык маанисине туура келчү «цивилдүүлүк» сөзүндө камтылган жана азыркы күндө да бу сөз Европа элдеринде колдонулуп жүрөт.

Байыркы грек-римдик, Кытай авторлору түрк тилдүү калктарды «мал артынан жүргөн, жашоосу боз үй, жаратылыш менен камыр-жумур жуурулушкан эл» деп белгилешет. Мындайынан алганда көчмөн түрк калктарынын турмуш-тиричилиги «цивилизацияга» такыр жооп бербейт. Анткени менен бул сөздүн соңку этимологиясы анын адегенде колдонулган маанисинен кескин айрымаланат. Француз тарыхчысы Люсен Феврдин айтымында, «цивилизация» термини француз агартуучуларынын мезгилинде мурда колдонулган мазмунунан өзгөрүлө баштаган. Маркиз де Мирабонун айтылуу «Мыйзамдардын досу» трактатында, «цивилизация деген - кулк-мүнөздүн жумшарышы, ийкемдүүлүк, сылыктык жана билимдин жашоо мыйзамдарына шайкеш жайылып, анын талаптарына жооп бериши» деп белгиленет. Башкача айтканда, бул сөздүн бурмаланган мааниси аны «караңгы калктарга», ошондой эле «цивилизацияны» реакциячыл орто кылымга карама-каршы коюуда жатат. Батыш тарыхында орун алган мындай мамиле антикалык дүйнөнүн мурасы десек болот. Анткени алар өз маданиятын, рухий дөөлөтүн жана саясий уюшулушун бөлөк «жапайы» салтка, «варварларга» каршы коюшкан.

«Цивилизация» түшүнүгүнүн дагы бир мааниси «маданият» сөзүндө камтылган жана эки термин тең адам коомунун өнүккөн деңгээлин, инсан акылы менен колунан жаралган жыйынтыкты билгизет. Бирок бара-бара эки термин ортосунда айырма пайда болду. Эгер «цивилизацияны» элдердин, өлкөлөрдүн өнүккөн абалына ыйгарышса, «маданият» деп анын рухий дүйнөсүн түшүнүп калышты.

Мындай терминдик чаташуулар түрк дүйнөсүндө да кабыл алынган. Алсак, түрктөр цивилизацияны «уйгарлык», культураны «күлтүр, меденийет», кыргыздар цивилизацияны – цивилизация, культураны – маданият, казактар – цивилизацияны «өркениет», культураны «медениет» деп алышкан. Башкача айтканда, түрк калктары Батыш таңуулаган «оюнга» моюн сунуп, терминдик азгырыкка алдырып өз алдынча телчиккен ой чыгара алышкан жок.

Бүгүнкү күндө цивилизациянын жүздөн ашык аныктамасы бар. Постсоветтик мейкиндиктеги илимпоздор колдо барына карап же даңазалуу атынан уламбы, айтор Арнольд Тойнбинин эмгегине шилтеме жасап, цивилизациялык белгилерди анын көз карашына ылайыктап таап, илимий тыянак жасаганды оң көрүшөт. Анткен менен, А.Тойнбинин айтылуу «Тарых аңдамасы» эмгегинде түрк калктары үчүн цивилизациядан орун табылбай калган.

Америкалык археолог Р. Лоуи цивилизацияны «баш сөөктөр менен курак-кыйыктардын башаламан аралашмасы» деп жазган экен. Бул жагынан алганда, байыркы түрк калктары археологиялык «чалдыбардан» жогору турган материалдык, рухий маданият үлгүлөрүн калтырган эмеспи. Анда эмне үчүн буга чейин түрк цивилизациясынын генезиси, калыптанышы, өзүнө таандык белгилери менен бөлөктөрдөн айрымаланган өзгөчөлүктөрү аныкталбай келет? Кыязы, мунун жөнүн адегенде түрк калктарынын байыркы тарыхынан издеген оң. Убагында өзөктүү дарактай шактаган, тили, дили, маданияты бир эл эмнегедир рухий жактан чиеленген эмес. Түштүк-Чыгыш Азия элдери буддизм, Жакынкы Чыгыш - христиан, мусулман динин жараткандай, түрк калктары бир ишенимге биригип баш кошо албай, мезгилдин жана тарыхтын сыноосунан мертинип, туш-тарапка чилдей тарап кеткен. Андан кийин тарыхый аралыгы, саясий-идеологиялык басым түрк калктарынын обочолонуп жашашын шарттап, алардын чогулуп аракет көрүшүнө кедергесин тийгизди. Анткен менен байыркы Орхон-Энесай рун жазуулары, түрк калктары калтырган шаар жана көчмөн талаа маданиятынын үлгүлөрү, бай фольклордук дөөлөттөр орто кылым доорунда түрк тилдүү калктардын цивилизациясы болгондугун айгинелейт.
XS
SM
MD
LG