Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Жаш комузчу-аткаруучу, күүчү Руслан Жумабаев менен болгон баардашуу.

«Чертсең чертчи комузчу, элжиресин эт жүрөк» дегендей ар бир черткен күүлөрү менен угуучулардын жарпын жазып, сезимдерин сергитип келе жаткан таланттуу, жаш, колу маш комузчунун бири – Руслан Жумабаев. Ал бир нече жолку республикалык, эл аралык фестивалдардын, сынактардын лауреаты. Жаш шайыр аскалары көк мелжиген Теңиртоонун койнундагы Нарын шаарында туулган. Руслан боорун көтөрүп, боконогу каткандан колуна комуз кармап, кыл тырмайт. 1983-жылы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын, теги түрк тилдүү элдерден тараган, бүгүнкү күндөгү орустардын үч кылдуу плектор менен чертилүүчү чертме домбра классын профессор Тентимиш Мураталиевден бүтүрөт. Азыркы тапта Руслан Кыргыз улуттук консерваториясынын 4-курсунда окуйт. Жаш шайыр комузга түркүмдөш аспапты чертүү, ар кандай чыгармаларды аткаруу менен бирге комуз музыкасындагы эң татаал жанрдагы залкар күүлөрүнүн ар кандай түрлөрүн, кооз үлгүлөрүн чертет. Алсак, Карамолдонун, Токтогулдун, Ниязаалынын, Айдараалынын, Атайдын, Шекербектин, Асылбектин жана башка залкарлардын классикалык күүлөрүн табына чыгара аткарат. 30 жаштагы комузчу Жумабаевдин аткаруучулук чеберчилигине кыргыз эле эмес, Түркиянын, Түштүк Кореянын, Германиянын, Швейцариянын, Италиянын, Белгиянын, Франциянын, Американын угуучулары да таңдана таазим этишти. Руслан жакында Кыргызстанга гастролго келишкен америкалык «Картаң боз каз», көрүнүктүү виелончелист Ио-Ио-Ма жетектеген «Жибек жолу» ансамблдеринин аралашма концерттерине катышып, күү чертип, америкалык музыканттарды, жердештерин дагы бир жолу суктандырды.

- Руслан мырза, бүгүнкүдөй чебер чертмекчи болушуңа кимдер устат болду?

- Өзүмдүн атам Сыдыкбай Жумабай уулу комуздун чоң күйөрманы. Ал өзү айыл чарба кызматкери болсо дагы, атам менин негизги устатым. Атам, апам экөө комуз чертүүгө үгүттөп, мектепке бара элек кезимде эле атам комуз үйрөтүп, музыкалык мектепке берди. Мектептен Ибрагим Шаршенбаев деген агайым комуздан сабак берди. Кийин Бейшембек Абдразаков агайымдан да байыркы аспаптан таалим алдым. Бирок, негизги устатым ушул убакка чейин атам.

-Ар бир шайырдын туу тутуп, «жолун жолдосом, өнөрүн улантсам» деген музыканттары болот. Өзүңдө ошондой залкарларың барбы? Болсо кимдер?

- Бала кезимен эле улуу комузчу Молдокеме (Карамолдого) кызыкчумун. Молдокемдин черткен ыкмалары, оң колу менен сол колунун шилтемдери, баскандары эки башка. Аларды өзүңүз жакшы билесиз. Кийин боз улан аталып комуз күүлөрүнө түшүнө баштаганымда Шекербек менен Асылбек аталарымдын черткендери өзгөчө жага баштады. Ушул үч инсандай болсом дегенде ак эткенден так этем. Токтогул, Асылбек аталарым түшүмө кирген. Азыр ойлосом эки залкар аян берип жүрөт го дейм.

Жаш комузчу Токтогулдун «Тогуз кайрыгын» чертип жатканда улуу шайырдын:

Бир, эки, удаа үч кайрып,
Үшкүргөндө үч кайрык,
Ушуну менен төрт кайрык,
Мындан ары көп кайрык,
Черте түш, черте түш
Беш кайрыкка кечке түш,
Безелентип черте түш,
Эл зериксе эрте түш.
Алты кайрып бир толго
Мына эми түш чоң жолго, – деген шекилдүү саптарды ырдап черткени көз алдыма тартыла калып жатты.

- Руслан мырза, өткөн жыл сен үчүн өтө бактылуу жыл болду. Өзүң жаңыдан уюштурган «Теңиртоо» тобу менен эки ай бою Европанын, Американын шаарларында гастролдо болуп кайттың. Бейтааныш угуучулар комуз күүлөрүн кандай кабыл калышат экен?

- Элибиздин музыкасы жеке эле кыргызга эмес, жалпы көчмөн калкка тиешелүү десем жаңылышпайт болушум керек. Эмне дегенде бул үч кыл аспап дүйнөдөгү эң татаал аспаптардын ичине кирет. Анткени комуздун үч кылы үч башка күүлөнөт. Моюнунда беренелери жок. Ошондуктан комузду кыргыздан башка улуттар черте алышпайт. Баса, былтыр Ага Хан фонду өткөргөн фестивалда Жан Дюринг деген француз музыка изилдөөчү да комузду эч ким ойной албасын айтты. Ал киши менен үч жылдан бери таанышпыз. Ал ар кайсы калктын аспаптарында ойнойт. Комузду чертем деп аракет кылды. Майнап чыкпады. Акыр аягында ал: «Бул аспапты кыргыздан башка эч ким ойной албайт экен. Музыкаңардын тереңдиги, кенендиги укмуш» деди. Алып көрөлү, «Кет бука», «Шүдүңгүттөр» кандай күүлөр! Молдокемдин «Сынган бугу», «Көкөй кестиси», Ыбыкемдин (Ыбрай атамдын) черткен күүлөрү кайгы-муңдан чыккан күүлөр да. Биздин ата-бабаларга чоң рахмат, духту, рухту бизге алып келип таштаганына. Мен ойлойм, кыргыз эли жоголуп кетмейинче комузу да кошо жашай бермекчи.

- Жөнөкөй угуучуларчы?

- Жөнөкөй угуучуларга өтө татаал кара күүлөрдү черткенде көп таасир бербейт экен. Анткени алар көп түшүнө бербейт экен. Ал эми Шекербектин, Асылбектин, Атайдын, Ныязаалынын кол ойнотуп черткен күүлөрүн, айрыкча «Кара өзгөйдү» черткенде, чекеңе коюп ар түрдү кырдаалда колуңду ойноткондо, тура калып, таңданып, жардана кол чабышат. Алыс кетпей эле кошуна казактарга «Кара өзгөйдү» черткенде ураалап кол чабышат. Менин оюмча, оң кол менен сол колду кубултуп түрлөнтө черткендеги чеберчиликтен болсо керек. Мындай устаттыкта чертүү бир эле кыргызда бар, башка калкта жок.

Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарды. Алардын ичинен «Карылардын насыят», «Каракөө», «Ботаалынын Бозжорго» жана элдик ансамбль, оркестрлер үчүн жазган «Эркесары», «Ахалтеке», «Аккуу», «Булбул сайрак» аттуу күүлөрү угармандардын урматтаган чыгармаларына айланды.

- Руслан мырза, «Эркесары» аттуу элге кеңири тараган күүңдү кимге арнап чыгардың эле?

- Өзүмдөн 15 жаш кичүү иним бар. Салт боюнча кенжесин тергеп коёт экен. Үйдөгүлөрдүн баарысы аны Сары деп коюшат. Өз аты Улукбек болсо да «Ай сары тигини, муну алып кел» деп жумшайбыз. Ошондон улам ушул күүмдүн атын «Эркесары» деп койгон элем.
XS
SM
MD
LG