Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ирактын америкалык башкаруучуларынын бири башка ишке которулду


Барбара Бодин америкалык тараптан Багдад шаарынын башкаруучусу болуп дайындалганынан бери үч эле апта өткөн.Эми "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, ал Мамлекеттик департаменттин саясий-аскердик бөлүм башчысынын орун басарлык кызматына которулду. Барбара Бодин Багдаддагы кызматынан кетер алдында шаардын коммуналдык чарбасын калыбына келтирүү иштери жай-баракат жүрүүдө деген сын айтылып жаткан эле. Анын башка ишке өтүшүн АКШ Ирактагы администрациясынын курамын кайра түзүп жатканынын белгиси катары кароого болот. Президент Ж.Буш өткөн аптада дипломат Пол Бремерди Ирактагы администрациянын жетекчиси кылып дайындаган. Ал кызмат даражасы жагынан утурумдук администрациянын башчылыгына өткөн айда келген отставкадагы генерал Жей Гарнерден жогору турат.

XS
SM
MD
LG