Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:30

К.Пауэлл палестин жетекчилигин террорчулардын инфраструктурасын жоюуга, жөөт бийликтерин Палестинадагы реформаларды колдоого чакырды


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарон, палестин премьери Махмуд Аббас менен өз -өзүнчө кездешип, "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын аткарууга байланышкан маселелерди талкуулады. Махмуд Аббастын К.Пауэлл менен жолуккан соң билдиргенине караганда, палестин тарап тынчтык планы боюнча өз сын-пикирлерин четке таштап, анын үстүндө иштөөгө даяр. АКШнын Мамлекеттик катчысы тараптар мунасага жетээрине ишеним билдирди. Бирок ал белгилегендей, Израилдин коопсуздугуна тиешелүү маселелерде компромисс болбойт. К.Пауэлл палестин жетекчилигин террорчулардын инфраструктурасын жоюуга, жөөт бийликтерин Палестинадагы реформаларды колдоого чакырды:

- Ийгилик Палестинадагы реформаларды колдоо үчүн Израилдин келечектеги конкреттүү иштерине да байланыштуу. Бүгүн мен премьер-министр Ариэль Шарон менен Израил Батыш жээкте жана Газада тынчтыкка жардам бергидей жагдай түзүп, кырдаалды жакшыртуу багытында жасай ала турган конкреттүү аракеттер жөнүндө сөз кылдым.

Жөөт коопсуздук кызматтарынын маалыматына караганда,алар жакын арада 25 миңдей палестин жумушчусу Израилдин аймагына келип, иштөөсүнө жол берет. Жакшы санаалаштык кылып 180дей палестинди абактан чыгарат. Бүгүн К.Пауэлл Йерусалимде АКШнын "Жол картасы" тынчтык планы боюнча өнөктөштөрү: Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү менен жолугат. "Жол картасы" планында 2005-жылы Палестин мамлекетин түзүү каралган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG