Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕКАРАСЫ: УЗАККА СОЗУЛГАН СҮЙЛӨШҮҮЛӨР


Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иши эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Баш-аягы 1400 чакырымдан ашуун созулган чек аранын 700 чакырымдан ашууну такталган. Комиссиянын май айынын экинчи он күндүгүнө чектелген кезектеги отуруму белгисиз мөөнөткө артка жылдырылды. Чек ара проблемасы тууралуу сөздү Бишкектен Бекташ Шамшиев улантат.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иши 2000-жылдын февраль айынан башталган, арада бир нече ирет өкмөт башчыларынын, алардын орунбасарларынын деңгээлинде расмий жолугушуулар өттү. Чекараны аныктоо, тактоо, белги коюу кара жумушу эки өлкөнүн ортосундагы эксперттик жумушчу топко жүктөлгөн. Кыргызстан менен Өзбекстан жетекчилери 1996-жылы кол коюшкан түбөлүк достук тууралуу келишимден тарта аркыл деңгээлде 100 чукул расмий келишим, макулдашуу, протокол, билдирүүлөр кабыл алынган. Кыргыз-өзбек элдеринин түбөлүк достугун мактоодон тажабаган расмий бийлик өкүлдөрдүн айтканына абай салган адамга ортодо дегеле проблема, талаш маселе жоктой, эки эл мамыр-жумур бейгам жашап жатышкандай таасир калтырары бышык.

Өзбекстандын Коргонтөбө районунун акими Абдымалик Касымов эки республика элинин ортосунда эч кандай талаш маселе жок деп эсептейт. “Чекара маселесин, албетте, ар бир мамлекеттин өкмөтү чечет, - дейт Абдымалик мырза.- Мына булар маселени коюп чечип келишүүдө. Ага байланыштуу кандай проблема болсо да биз аны чечүү аракетин жасайбыз. Өзбекстандын мыйзамдарынын чегинде, эмнеге уруксат берилсе ошонун шартын түзүп беребиз”.

Кыргызстандын Карасуу районуна караштуу Барак айылынын тургуну Дөөлөтбек Мусабековдун айтымында, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүш кыйын, ошондон «солдаттар туруп алып чөнтөгүңү аңтарып, дагы башка башка иштерди жасай берсе - бул жолду ачык деп айтыш мүмкүн эмес».

Маалымдоо каражаттарында байма-бай чагылдырылып келаткан чек арадан өтүү көйгөйү, тоо-талаага өзбек тарап койгон минадан набыт болгондор, мал-жан зыяны көнүмүшкө айланып баратат. Жыл башында Өзбекстан Карасуу шаарындагы Шаркансай көпүрөсүн бузуп салды. Кыргыз өкмөт башчысынын биринчи орунбасары Курманбек Осмоновдун айтымында, мындай мамиле эки элдин өз ара каттоосун кыйындатат. «Көпүрөлөрдү бузуу жолу менен бөгөт койгону, бул албетте, туура эмес, - дейт Курманбек Осмонов.- Муну сүйлөшүү, дипломатия жолу менен чечүү зарыл. Постторду коюшсун, контролдорду күчөтүшсүн, миграция аларга терс таасирин тийгизип атса – аны чечүүнүн цивилдүү, эларалык эрежерлге ылайык иштелип чыккан жолдору бар».

Кыргызстан менен Өзбекстандын теңата өкмөттүк комиссиясы ушу азырга чейин чек араны тактоо боюнча негиздүү бир пикирге келише элек. Расмий Ташкен 1924-1928-жылдардагы документтерди негизге алууну сунуштаса, Кыргызстан 1955-жылкы эки союздук республиканын өкмөттүк теңата комиссиянын жыйынтыгын жактайт. Кыргыз парламентинин Эларалык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов өкмөттөр аралык комиссиянын талаштуу маселени жакын арада чечип ийиши күмөндүү деген ойдо.

«Чынын айтканда, өзбек-кыргыз чек арасын тартипке келтирүү, ыраатташтыруу жаатында бир кадам да алдыга жылган жокпуз,- дейт ал.- Себеби, биз негизги принципти чече элекпиз. Кайсы мыйзамдын, кайсы документтин негизинде өкмөт ара комиссия иштейт? Ал документтердин ичинде кайсы картанын негизинде, кайсы Советтер Союзунун органы жана кандай документти негизи кылып алып анан маселени чечебиз, деген тыянакка али келе элекпиз. Албетте, бир жагынан жакшы, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, маселелер коюлуп жатат, бирок чечилген жолу жок».

Парламентчинин пикиринде, чек ара маселеси так чечилбей создуга бериши эки өлкөнүн саясий жетекчилигинин өз ара мамилесине байланыштуу. «Азыркы саясий жетекчиликтин, мамлекет жетекчилеринин ортосундагы мамиле ушундай бойдон кала бере турган болсо мунун чечиле турган жолу жок»,- дейт Алишер Абдимомунов.

Кыргыз-өзбек чек арасы тезирээк такталышына, канатташ калктардын карым-катышы чек ара тоскоолдугусуз ишке ашышына ириде карапайым калк кызыкдар.
XS
SM
MD
LG