Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

КОМИТЕТТЕГИ ЧЫР-ЧАТАК УЛАНУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин Нарын, Талас жана Ысыкөл облустары боюнча координаторлору Качкын Булатов, Рыскелди Момбеков, Болотбек Тыналиев жана комитеттин айрым мүчөлөрүнүн кайрылуусун териштирүү максатында жакынкы күндөрү Голландиянын «Хивос» аттуу Өнүктүрүү үчүн кызматташтык боюнча гуманитардык институтунун Борбор Азия жана Түштүк-Чыгыш Европа боюнча координатору Марсель Вандер Хайден жана эки аудитордун келиши күтүлүүдө.

Кайрылуу ээлеринин айтымында, эларалык уюм тарабынан Адам укуктары боюнча кыргыз комитетине чоң өлчөмдөгү акча каражаты бөлүнгөн жана ал комитеттин жетекчилиги тарабынан максатсыз пайдаланылган.

Эмне себептен көз карандысыз аудиторлорго кайрылып жатышкандыгы тууралуу Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Ысыккөл облусу боюнча волонтер-координатору Болотбек Тыналиев төмөнкүдөй деп билдирди:

- 2003-жылы бизге Комитеттин «Хивос» уюмуна жасалган отчету жөнүндө маалым болуп калды. Ал отчетто ар бир облуска өзүнчө кеңсе, компьютер, телефон, диктофон, видеокамера бөлүнгөн, алардын баарына акчалар төлөнүп жатат деп жүрөт. Биз болсо, ушул күнгө чейин аренда үчүн да акча төлөй албай жүрөбүз. Биз ошол үчүн бул эларалык уюмга кайрылдык. Мен ойлойм, көз карандысыз аудиторлор Комитеттеги финансылык тартип бузуулардын баарын ачып чыгат.

Талас облусу боюнча Комитеттин координаторумун деген Рыскелди Момбеков мындай деп кошумчалады:

- Биз «Хивос» уюмуна аудиторлорду чакырткан кайрылуу жолдогонбуз. Мына менде комитеттеги финансылык чыр-чатактар боюнча далилдүү бүт документтер бар. Ал эми Рамазан Дырылдаев болсо, финансылык тартип бузуулар боюнча эч кандай далилдүү документтериңер жок деп жатпайбы?

11-майда Адам укуктары боюнча кыргыз комитети айрым облустардагы координаторлорунун жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүп, анда Рамазан Дырылдаев кайрадан төрагалыкка шайланды. Бул тууралуу Комитеттин өкүлү Дөөлөт Нусупов мындай дейт:

- Кечээ Комитеттин жыйыны өтүп, ага облустардагы координаторлор менен өкүлдөрүбүз, баары биригип 35 делегат катышты. Жыйында Комитеттин төрагалыгына кайрадан Рамазан Дырылдаев шайланды. Мында ошондой эле Комитеттин башкаруу кеңеши да кайрадан шайланды. Жыйын уставдын негизинде, Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин эларалык деңгээлге көтөрүп, чет өлкөлөрдөн гранттарды алып келип жаткан Рамазан Дырылдаевдин демилгеси менен өткөрүлдү.

Дөөлөт Нусупов К.Булатов, Р.Момбеков,Б.Тыналиев Комитеттин мүчөлөрү эмес деп билдирди:

- Булар өздөрүн Адам укуктары боюнча Комитеттин координаторлору деп эсептешкендиги негизсиз. Булатов менен Тыналиев өздөрүнүн арызынын негизинде, ал эми Булатов төраганын буйругу менен жумуштан бошотулушкан.

Ысыкөл, Нарын жана Талас облусунун координаторлору болсо, өздөрүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин бул облустардагы координаторлорубуз жана Комитетте өз ишибизди улантабыз дешет. Алардын пикиринде Комитеттин 11-майдагы жыйыны мыйзамсыз болду. Буга байланыштуу Болотбек Тыналиев мындай дейт:

- Биз бүгүнкү күндө Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин сактап калалы деген максатты коюп жатабыз. Комитетте таза, чын дили менен адам укуктарын коргойм деген адамдар бар. Алар Комитетте иштеп калышы керек. Мен өзүм бүгүн Ысыкөл облусу боюнча волонтер-координатор катары кызматымды өтөп жатам.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев менен бирге иштешип келген кесиптеш укук коргоочуларынын ортосундагы чыр-чатак Голландиянын «Хивос» аттуу Өнүктүрүү үчүн кызматташтык боюнча гуманитардык институтунун өкүлдөрү келгенден кийин гана бир жактылуу болот деген ишеним бар.

XS
SM
MD
LG