Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Укук коргоочу уюм «Жек көрүндү» сыйлыгын уюштурду


БИШКЕК. Бишкектеги укук коргоочу Хельсинки тобу 12-майда жыл сайын берилүүчү «Жек көрүндү» сыйлыгы түзүлгөндүгүн жарыя кылды. «Куучирен кызматкер», «Адам укугунун бузукусу», «Эркиндиктин ашынган каршылашы», «Өтө ашынган өкмөттүк же башка мекеме», «Ашкере саксынуунун артыкбаш чарасы», «Утурумдук убадалар» жана жыл жыйынтыгында ыроолончу «Киши эмес» жаманаттысы калк арасында начар баага туш келген адамдар менен мекеме-уюмдарга ыйгарылат. Мындай терс баага жалпы элдин жашоосун начарлатып, адамдык укугун басмырлаган, азапка салган кишилер татыктуу болушат. Бишкек Хельсинки тобунун маалыматына караганда, «Big Brother», «Most Intrusive City», «Free Country» жана башка аталыштагы биртоп сыйлыктар көп өлкөлөрдө бар.

XS
SM
MD
LG