Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Адвокат ачык кат жазды


БИШКЕК. Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын башкармасы жана Бишкектеги Хельсинки тобунун мүчөсү Гүлгүна Кайсарова 12-майда Юстиция министринин орунбасары Эркин Мамыровго ачык кат жолдоду. Анда Кайсарованы адвокаттык ишмердүүлүктөн чететтүү маселесин козгоп жаткан Юстиция министрлигинин квалификациялык комиссиясынын аракети мыйзамсыз экендиги, эки жылга чукул созулган чатакка премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Исабековдун жеке таасири тийип жаткандыгы билдирилген. Гүлгүна Кайсаровадан ушул күнү алынган маалыматка караганда, ал ачык катын президенттик администрацияга, Акыйкатчыга, эларалык укук коргоо уюмдарына жана массалык маалымдоо каражаттарына жолдоду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG