Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Көлдөгү шайлоо


КАРАКОЛ. Облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Турсункүл Сабитованын билдиргенине караганда, Тоң районундагы Күнчыгыш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Сагындык Качаганов февраль айында өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошогон. Ал эми Аксуу районундагы Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчылыгына атаандашсыз чыккан Сыргак Бейшеевге өткөн жолку жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын тандоодо шайлоочулар ишеним көрсөтүшкөн эмес. Шайлоонун жыйынтыгында Күнчыгыш айыл өкмөтүнүн башчылыгына аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткарып келген Талгарбек Аламанов шайланды. Ал атаандашы Таалайбек Токтосуновдон кыйла арбын добуш алып, шайлоочулардын ишенимине ээ болду. Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчылыгына атаандашсыз чыккан Жанна Сабитова шайланды.

XS
SM
MD
LG