Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Дыйкандар пикетке чыгышты


БИШКЕК. 12-майда эртең менен Ысыката районундагы «Алга» бириккен дыйкан чарбасынын 60 ашуун мүчөсү Жогорку Кеңеш имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар 1996-жылдан бери ала албай келе жаткан жер жана мүлк үлүшүн бөлдүрүп алууга депутаттардын жардам берүүсүн талап кылышты. Пикетке чыккандардын айтымында, мурдагы колхоздун жери жана мүлкү колхозчуларга калыс жана толук бөлүнгөн эмес. Чарба жетекчиси Станислав Айдарбеков суулуу, түшүмдүү жерлерди тууган-туушкандарына бөлүп берип, жер үлүшүн алгысы келген башка дыйкандарга жакшы жер бербей койгон. Жер бөлүштүрүүдө бир гектар 800 сотых жер туура эмес бөлүнгөнүн далилдеп, дыйкандар сотко кайрылышкан. Айылдык дыйкандар Бишкектеги жетекчилерден жер реформасын туура жүргүзүүнү талап кылышууда. Пикетчилер менен жолугушууга келген Ысыката районунун акими Мурат Саралинов бул маселе терең иликтенгенден кийин гана чечилээрин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG