Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

«БИШКЕК -ХЕЛЬСИНКИ ТОБУНУН» АДАТТАН ТЫШ АТАМАСЫ


12-майда «Бишкек -Хельсинки тобу» укук коргоо уюму «Жек көрүндү» аттуу сыйлык уюштурарын жарыялады. Аталган сыйлык айрым мекеме, уюмдардын жана адамдардын чектен чыккан акыйкатсыз иштери үчүн жыл сайын Кыргызстан эли тарабынан аныкталып, андан кийин көзкарандысыз калыстар тобунун колунан ыйгарылып турмакчы. Анын негизинде демократиянын жана адам укуктарынын өсүшүнө тоскоол болгон кызматкерлерди уяткара турган белгилер тапшырылат.

Кыргызстандагы демократиянын өсүшүнө, адамдардын жашоо-турмушунун жакшырышына тоскоол болгондорду, адам укуктарын тебелегендерди «Бишкек- Хельсинки тобу» эл арасындагы социологиялык иликтөөлөрдүн жана интернет аркылуу жүргүзүлө турган сурамжылоолордун негизинде аныктамакчы. «Бишкек -Хельсинки тобу» уюмунун өкүлү Игорь Варенниковдун айтымында, «Куучирен кызматкер», «Адам укугунун бузукусу», «Эркиндиктин ашынган каршылашы», «Өтө ашынган өкмөттүк же башка уюм», «Акылга сыйбаган коопсуздук эрежеси», «Убадага тойгузуучу» деген байгелерге татыктуу болгон мекеме-уюм же адамдарга «Жек көрүндү» аты ар жыл сайын ыйгарылып турмакчы. Баш байге болсо «Киши эмес» деп аталат:

- Ноябрь айында жети облуста жана Бишкекте социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөбүз. Алардын негизинде көзкарандысыз калыстар тобу жети наамга (атка) татыктууларды тандап, жылдын жыйынтыгын чыгарышат. Биз болгону сыйлыкты гана уюштурдук, ага ким татыктуу болорун эл аныктайт, - деди Игорь Вареников.

Анын кошумчалаганына караганда, ыйгарыла турган статуэтка кымбат эмес, кадимки металлдан жасалат да, ал элдин атынан ыйгарылат.

Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев Кыргызстанда мындай байгеге атсалыша тургандардын саны арбын, бирок алардын атын ачык айтсаң өзүңдү же жакындарыңды куугунтукка алып, кууратышы мүмкүн деген пикирде.

- Мынабул эң сонун нерсе экен, - деди депутат Дооронбек Садырбаев, - бирок ал өнүгүп-өскөн демократиялуу өлкөлөрдө болушу ыктымал. Бирок бул кыргыз кыртышына туура келбейт. Алсак, эң башкы байгеси – орусча «Нечеловек года» деп аталат экен. Мен кыргызчага «Жылдын эң наадан адамы» деп которот элем. Андай адамды мен билем, эгер атын атасам эле мени баса калып, тырпыратып камап койгону турат.

«Бишкек- Хельсинки тобу» киргизип жаткан нерсе дүйнөдө жаңылык эмес. Алсак, Америка Кошмо Штаттары, Франция, Венгрия, Орусия сыяктуу мамлекеттерде да буга окшогон коомчулуктун баасы көптөн бери колдонулуп келатат. Алсак, Францияда «Каадасыз шаар» деген байгени чет элден көчүп келгендердин ар бир кыймыл-аракетин тасмага тартуу эрежесин киргизген Манте ля Жоли шаары алган.

Кыргызстан Юстиция министринин орунбасары Эркинбек Мамыровдун айтымында, «Бишкек- Хельсинки тобу» уюштуруп жаткан сыйлыкты алгандар өздөрүнүн ар намысын, беделин сот аркылуу коргоого мыйзамдык негиздер бар:

- Сыйлыктын «Жек көрүндү» деген аты эле сыйлык ыйгарылган адамды капа кылышы мүмкүн. Анын негизинде, алар ар-намыс, беделин коргоону максат кылып сотко кайрылышы ыктымал.

«Бишкек- Хельсинки тобунун» өкүлү Игорь Варенников сыйлыкты коомчулук тараптан айтылган сын пикир катары гана кабыл алуу керек деген ойдо.

- Айтылган сынды ар бир адам көтөрө билүүгө тийиш. Эгерде айтылган ар бир сынды туура кабыл алуунун ордуна, сотко берүү менен жооп болсо, анда бул – биздин мамлекетте демократияга жана адам укуктарын урматтоого дагы көп убакыт бар экенинен кабар берип турат, - деди Игорь Вареников.

Анын кошумчалаганына караганда, сыйлык мамлекеттик кызматкерлерге эле эмес, адамдардын жашоо-турмушунун жакшырышына, адам укуктарынын сакталышына тоскоол болгон жеке кампания, фирмаларга жана бийликке тийешеси жок адамдарга да ыйгарылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашевдин ою боюнча, ыйгарылуучу аттар бирөөлөрдүн колундагы тар кызыкчылыкка кызмат кыла турган курал болуп калбаса эле өз максатына жетет.

- Муну трагедия кылып кереги жок. Болгону анализден өткөндөн кийин калыс чечимдин негизинде эле ыйгарылса анда бул жакшы саамалык, - деген пикирде депутат Тайырбек Сарпашев.

XS
SM
MD
LG