Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

ЛИТВАНЫН ЭЛИ ӨЛКӨНҮН ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КИРҮҮСҮНӨ МАКУЛДУГУН БЕРДИ


Бакыт Аманбаев, Прага «Азаттыктан» мурда кабарлангандай 10-11-майда Литвада Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча референдум өткөрүлдү. Натыйжада, калктын басымдуу көпчүлүгү Европа Биримдигине кирүү сунушун колдошту.

Литванын Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку кабарлоосуна караганда, референдумга жалпы шайлоочулардын 61% келип, добуш беришти. Алдын ала алынган маалымат боюнча добуш берүүгө катышкандардын 90% Европа Биримдигине кирүү идеясын колдошкон. Учурда Литванын бардык аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгын саноо кызуу жүрүүдө. Айрым серепчилердин пикиринде, референдумдун алдын ала жыйынтыгы эле аталган өлкө калкынын басымдуу көпчүлүгү Европа Биримдигине кошулууну колдогонун тастыктайт. Литванын президенти Роландас Паксас “өлкө Европа биримдигине кирүү менен өзүнүн тарыхында жаңы баракты ачты” деген пикирин билдирди.
Ал эми Литванын Европа Биримдигиндеги өкүлү Петрас Аустревичиюс “Азаттыктыктын” кабарчысына берген маегинде, мындай иш чараны “Литванын эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдеги эң чоң жетишкендиги” деп баалады:

Менин оюмча, бул референдумдун тархый мааниси абдан жогору жана ал Литванын соңку он жылдын ичинде жетишкен ийгиликтерин дагы бышыктайт.

Литва үстүбүздөгү жылдын апрель айында Европа биримдигине кирүү тууралуу чакыруу алган башка тогуз өлкө менен чогуу 2004-жылдын 1-майына чейин аталган биримдикке кирүү тууралуу келишимге кол койгон. Кол коюу аземине биримдиктеги 15 өлкөнүн мамлекет башчылары катышкан.

Келишим күчүнө кириши үчүн, адегенде, мындай келишим Европа Биримдигиндеги он беш өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек. Мындан сырткары, биримдикке кирүүнү каалаган бардык өлкөлөрдө Европа Биримдигине кирүү тууралуу элдин пикирин угуу зарыл.

Аталган маселе боюча референдум буга чейин Мальта, Словения, Венгрияда өткөрүлдү. Натыйжада, добуш берүүгө катышкандардын көпчүлүгү Европа Биримдигине кирүү маселесин колдошту. Ушундай эле максатта элдик добуш берүү үстүбүздөгү жылдын июнь айында Польшада, сентябрда Эстония менен Латвия өлкөлөрүндө өткөрүлүшү пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG