Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Жаркын Суран кызы, Бишкек Кыргызстандагы белгилүү оппозиционер, учурда абакта отурган Феликс Куловдун Азаттык радиосунун суроолоруна берген жообунун уландысын сунуш кылабыз. Кулов эки жарым жылдан бери улуттук коопсуздук кызматынын абагында кармалып туруп, жакында жаза өтөөчү колониясына жөнөтүлгөнү жөнүндө кабардар кылган элек. Ал кызмат абалынан кыйнаттыкта пайдаланган деген айып менен он жылга эркинен ажыратылган. Бирок, Кулов коюлган айыптарга макул эместигин билдирип, күнөөсүзмүн деп эсептеп келет. Ар-Намыс партиясынын мүчөлөрү жана башка бир катар саясый партиялардын өкүлдөрү Фелик Куловдун камакка алынышын саясый куугунтук деп санашат. Белгилүү оппозиционер Куловдун суроолорго берген жообунун айрым урунттуу жерлерин сунуш кылып, микрофондо Жаркын Суран кызы.

- Феликс мырза сиздин азаттыкка чыгышыңыз үчүн саясий ар кандай акциялар өттү буга чейин, акталат деген сөздөр көп болду. Ага карабай улуттук коопсуздук кызматынан 19-колонияга которуп жиберди. Ушунчалык эле сизди бошотпой эмнеге көшөрүп калды. Сизди бул жакка которуп жибергенин кандай түшүндүрөсүз?

- Бул юридикалык жактан алганда, албетте, туура. Анткени өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди, соттун өкүмү боюнча мени эркинен ажыратуу жайына жөнөтүш керек болчу. Биздин партиянын көптөгөн мүчөлөрү, сотко катышкандар мени акталат экен деп үмүт кылышкан эле. Бирок биздин системада соттор кандай иштээрин, алар кимге баш ийээрин билесиз да. Алар иш жүзүндө эч нерсени өз алдынча чечпейт. Бирок мен аны ойлонгум деле келген жок, ал мага кызык деле эмес. Мен үчүн башка нерсе маанилүү. Мен эки жарым жыл СИЗОнун бир кишилик камерасында жатканымда, мен эми колонияда да сөзсүз болуп көрүшүм керек деген чечимге келдим. Кудай-таала мага ушундай жол берген болсо, мен колонияда да болуп көрүшүм керек. Мен бул жактагы адамдар кандай жашай тургандыгын көрүп, алар менен сүйлөшүп көрүшүм керек, анткени бул жакта кандай адамдар кармалып тургандыгын өз көзүм менен көрүш мен үчүн өтө маанилүү. Бул колонияда болжол менен 500 киши бар, ал «кызыл колония» деп аталат. Болжол менен алганда 30-40 киши тартип коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери, ички аскерлердин жоокерлери, милиционерлер, негизинен катардагы кызматтагылар. Калгандарын «каралар» деп коюшат, башкача айтканда, алар тартип коргоо органдарынын кызматкерлери эмес. Бул жерде эч кандай чыр-чатак жок, менимче бул кадыресе эле жагдай. Мага ушу кишилер кандай адамдар экени кызыктуу болду. Тагдыр мени колонияда болсун деп маңдайыма жазып койгон соң, демек мен өзүм үчүн сабак алып, бул адамдардын пикирин эске алышым керек. Анткени алар турмушка, дүйнөгө, кырдаалга башка бир өңүттөн карашат. Менимче саясат үчүн ушул да, ушундай мектепти өтүп коюш да пайдалуу.

- Милицияларды түрмөдөгү жөнөкөй кылмышкерлерди арасына кошпойт дешет. Сизди зонада кандай кабыл алышты?

- Мен балдарга мындай дедим: «Бул жерде кызылдар, каралар жок, мага баары тең экен. «Актар» жашап атат» дедим. Менин түшүнүгүмдө алардын күнөөсү жок. Мен сот эмесмин, аларды сот кескен, бирок мен аларды күнөөлөй албайм, алар мендей эле адамдар. Кай бири туура эмес айып менен отурат, дагы бирөөлөрү өтө эле катуу жазага кириптер болдум деп эсептейт, айрымдарын болсо кылмышты мойнуна алууга мажбур кылышкан. Андыктан мен аларды күнөөлөгөнгө акым жок. Мен ошолордой эле адаммын. Ошон үчүн мен аларга «Мен үчүн кызылдар да, каралар да жок» деп айттым. Мен үчүн күнөөсү жок де эсептелген адамдар гана бар, биз баарыбыз акпыз. Ушул себептүү бул жакта адамдардын бири-бирине мамилеси сый, жакшы. Көп нерсе адамдын өзүн кандай алып жүргөнүнө байланыштуу болот.

- Өзүңүз Улуттук коопсуздук кызматында министр болуп турдуңуз. Эгерде сиз кайрадан Улуттук коопсудугуна, же болбосо Ички иштер министрлигине барып калсаңыз, кандай иш жасайт элеңиз?

- Мен улуттук коопсуздук министри болуп турганда расмий сунуш киргизгем, мен муну баса көрсөткүм келет. Зонага түшүп эле көз карашым өзгөрүп калган экен деп ойлошпосун, жок, андай эмес, мен бул туурасында мурун да ойлоп жүргөм. Мисалы, сот системасы жөнүндө. Ушундан улам мен өз партиямды түзгөндө биринчи иретте сот системасын жакшыртуу маселесин койгонмун. Биздин Улутутук коопсуздук министрлиги биринчилерден болуп касамчыл сотторду, башкача айтканда присяжныйлар сотун түзүүнү сунуш кылган. Биз бул маселени жаңы Кылмыш Кодекси иштелип жатканда сунуш кылганбыз. Анда бизди укпай коюшкан. Мени сот жалгыз өзү 10 жылга кести, башкаларын жалгыз өзү эле өлүм жазасына өкүм кылат. Бир адам эмне кыла алмак эле? Бир адамга таасир көрсөтүп койсо болду, ал чечим кабыл алат да ошону менен бүтөт. Эгерде чечимди касамчыл соттор кабылдаса, ал туура болмок. Башкача айтканда, азыркы иштеп жаткан сот системасынын өзү тилекке каршы туура эмес, ал бүгүнкү кырдаалга туура келбейт. Улуттук коопсуздук министри болуп турганда мен Куралдуу күчтөрдү реформалоо туурасында да сунуш киргизгем. Тилекке каршы, бизде бүгүн мурдагы Советтер Союзундагыдай эле менталитет күч. Биздин мамлекет кубаттуу, күчтүү деп эсептегенге көнүп алганбыз. Мына бул жакта адамдар отурушат, аларды 3-4 күнгө кое бергенге эмнеге болбосун? Бул жакта ал тургай зарыл болгон медициналык жардам да жок. Адамдар ооруп атса, медиктер аларга туура жардам бере алышпайт. Өзүңүз билесиз, бизде ал тургай шаардагы ооруканалардын да абалы кыйын, анан эми бул жактын эмнесин айтабыз. Бул жактагыларды 3-4 күнгө кое беришсе, барып жок дегенде жакшы бир дарыгерден тишин дарылатып алышат эле. Эч кимди кое беришпейт. Отурушат. Мисалы, Германияда жана башка өлкөлөрдө абактагыларды ишемби, жекшемби күндөрү кое беришет. Биздики болсо түшүнүксүз бир таш боор система. Түзөтүү колониясы деп аталган менен, ал түзөтпөйт, жөн гана жазалайт, бул эки башка түшүнүк. Мен муну түзөтүп-жазалай турган деп айтат элем, анткени ал жазалайт, бирок эч качан адамдарды оңдобойт. Мыйзамда жазылгандарга караганда, түзөтүү тарбиялоочу иштердин аркасы менен ишке ашырылат, коомдук пайдалуу эмгекке тартуу аркылуу. Колонияда болсо тарбия иштери жүргүзүлбөйт, мында коомдук пайдалуу эмгек деген жок. Адамдар бул жакта эч нерсе иштеп таба алышпайт, алар жөн эле отурушат. Бул жакта шарт ушундай.

- Феликс мырза сиз улуттук коопсуздук кызматынын түрмөсүндө отурдуңуз. Бир топ сизге оңой болуп аткан жок. Өзүңүздү акмын деп айтып келатасыз. Көз карашыңыз кандай, колонияга которулдуңуз. Айрым башка Борбордук Азиядагы оппозициячылар кечирим сурап кайрылып атат.

- Биринчиден мен эч качан кечирим сурбай турганымды айтып коюшум керек, атып салышса дагы. Эгерде мен чын эле күнөөлүү болсом мен чет өлкөгө кетип калмакмын. Менде ошондой мүмкүнчүлүк бар болчу. Мени биринчи жолу актаган өкүм чыкканда, «сени откургузуп коюшат, кет» деп айтышкан. Мен баш тарттым. Мен айттым, «канча керек болсо, ошончо отурам, анткени мен билем, башка жол жок» дедим. Бирок менин айтайын дегеним негизинен бул деле эмес. Мен эмне үчүн бул жерде отурам? Анткени мен элдин мени туура түшүнүшүн каалайм. Мен өз мисалымда бир жөнөкөй нерсени элге көрсөткүм келет. Биз аз элбиз. Айрымдар айтышат, «Акаевден өч алыш керек» деп. Биз кандайдыр бир жамандык ойлогон болсок, бул туура эмес. Мага канчалык оор болсо да, канчалык адилетсиздик кылышса да, баарын чыдап көтөрүш керек экенин, мени соттогон адамдар туура эмес кылганын өз мисалымда көрсөткүм келет. Анан да эч кимден өч алып кереги жок. Мезгил өткөн соң, ар бир саясатчы өзүн ушундай алып жүрсө өлкөдө тынч жашап, тынч уктаганга болот. Мен азыр өзүм үчүн жашап жаткан жерим жок, досторум, балдарым, тарапкерлерим үчүн, мага ишенген адамдар үчүн жашап атам. Алар биздин өлкөдө тынч жашашы үчүн жашап атам. Менин балдарым эми эч кимден коркпойт, ачык жүрө алышат, мен жүзүм жарык жүрө алам. Бирок башка кишилердин, азыр бийликте турган кишилердин балдары ушинтип жүзү жарык болуп жүрө алышабы? Мен ушундан шегим бар. Алар көчөгө да чыга алышпайт.

- Азыр түрмөдө эмне менен алектенип атасыз?

- Мен биринчиден, адвокат катары балдарга жардам берип атам. Саясий жумушбу? Түрмөдө коомдук адвокатмын. Экинчиден китеп окуп атам.

- Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынбадыбы? Ошол кандай болуш керек эле? Конституция боюнча көз карашыңыз кандай? Кыргызстандын Конституциясы, жаңы Башмыйзам кандай болуш керек эле деп ойлойсуз?

- Эң негизгиси – Конституция адамдарга кабыл алынып аткан чечимдерге кандайдыр бир таасир көрсөткүдөй мүмкүнчүлүк бериши керек. Алар чечим кабыл алууга кантип таасир этиши мүмкүн? Мен бир мисал келтиргим келет. Ушул Конституцияны жазып атышканда, «ар бир адам өз депутатын билиш керек» дегендер болду. Мен ачык айтышым керек, бир айылда, бир шаарда, ал тургай бир үй-бүлөдө жашап атып да кээде адамды жакшы билиш кыйын. Андыктан «жакшы киши, жаман киши» деген туура эмес көз караш. Жакшы программаны, жакшы идеяны тандаш керек. Биздин Конституция буга жол бербейт. Ал «жаныңардагыларды карап туруп, депутат шайлап алгыла» деп айтат. Ал балким жакшы кишидир, бирок жаман депутат болушу мүмкүн. Бул ар башка түшүнүктөр. Ошондуктан биз адамдар жакшы программаны тандап алышын, ага партия жооп беришин каалайбыз. Өзүңүз элестетип көрсөңүз, менин партиямда түштүктүн да, түндүктүн да өкүлдөрү, аялдар да, эркектер да болсо, анан биздин партиядан бирөө бийликке келип калса, ал өз туугандарынын баарын кызматка кое албайт. Ал партия сунуш кылган адамдарды гана кое алат, анткени аларды партия көтөргөн. Мында партиянын алдында да, шайлоочулардын алдында кош кабат жоопкерчилик болот. Акаев сонун киши, бирок ал эч кимдин алдында жооп бербейт, ага эч кайсы партия кеңеш бере албайт. Аны өз үй-бүлөсүндөгү адам же дагы бирөө гана сындай алышы мүмкүн. Бирок кандайдыр-бир уюм эч нерсе дей албайт. Анан ал хан болуп, сындан тышкары болуп атпайбы. Бул туура эмес. Балким Акаев сонун адамдыр, бирок ушундай бийлик тутуму өкүм сүрүп калган, ал өзүн башкалардан бөлүп койгон сыяктуу. Партиялардын болсо маңызы ушунда – сен пезидент болосуңбу, пермьер-министр болосуңбу, алар мени сунуш кылгандан кийин, алар мен үчүн эл алдында жооп беришет, анткени сен туура эмес ишке барсаң бүтүндөй партиянын бетине көө жабасың. Азыркы Конституциянын жаңылыштыгы мына ушунда. Кыргызстан үчүн баарын бир адам чечип берет деп үмүт артып отуруш туура болбойт. Азыр мезгил башка, азыр жамаатчыл акыл-эстин заманы. Мен, мисалы, биздин партиядагы көп адамдарды билем. Түштүк боюнча бизде Бөдөш Мамырова жооп берет. Мен түштүктө абал кандай экенин билбейм. Акыл-ойду бириктиргенде бир натыйжа келип чыгат. Бир адам азыркы чоң программаны турмушка ашыра албайт. Баарын билиш мүмкүн эмес, азыр бизде өлкөдө андай адам жок. Башка мамлекеттерди билбейм. Андыктан Акаевдин трагедиясы анын жалгыз экендигинде. Ал өз айланасына санаалаштарын топтой алган жок. Бул анын чоң трагедиясы, мен билгенден.

- Коомчулукта да мындай пикир бар. Эмне үчүн Кулов менин айыбым жок деп атат, эмне үчүн өзү менен кошо иштеген Акаевдин кемчиликтерин ачык айтпай атат?

- Менин милдетим жамандыкка жамандык менен жооп бериш эмес. Бул туура болбойт. Мен өз мисалымда ушуну көрсөткүм келет, алсыз болгондугумдан эмес. Менин күчүм ушунда деп эсептейм. Бут алдымда кимдир-бирөө жүрсө жүрө берсин. Мен алысыраак караш керек деп эсептейм. Эгерде бизде жеке мамилеге карабай, уруша кетсе эле басып жыгылбай, эл үчүн бир нерсе кылсак, биз бириге алабыз. Биз бутубуздун учун өтө эле көп карайбыз, ошон үчүн биз, кыргыздар, бириге албай келебиз. Баарынан коркунучтуусу – биз бири-бирибизге ичи тарлык кылабыз. Мен ичи тарлык саясатчылар арасында өтө коркунучтуу сапат деп эсептейм. Мен өз мисалымда бийлик маанилүү эмес, мен үчүн принциптин өзү маанилүү экенин көнрсөткүм келди. Бийликтен бөлүшө билиш керек, бирөөлөр менен бириге билиш керек. Мен өз мисалымда Кыргызстанда башкачараак мамиле кылыш керек экенин көрсөткүм келет. Мурдагы советтик, коммунисттик мамиледен арылуу зарыл. Орус тилдүү кыргыз ушул позициялардын бардыгын колдоп чыгып отурат.

- Аскар Акаевич жөнүндө сөз болуп калды коррупция боюнча. Кыргызстандагы коррупцияда сотто сизге коюп аткан айыптоосу кандайдыр бир жеп алган коррупционер деп атпайбы. Чын эле сиз коррупционерсизби?

- Мени эмнеге күнөөлөп жаткандарын кыскача айтып берейин. Биринчиден, мени адегенде эчки мамлекеттик машинаны комиссия көрсөткөн баадан башка баа менен сатып жиберди деп айыптап атышат. Мен болсо аны кымбатыраак сатып, мамлекетке эки жаңы машина алып бергем, азыр аны чиновниктер минип жүрүшөт. Бул мага коюлган биринчи айып болчу, кийин алып салышты. Мени 9 башка кылмыш боюнча айыпташты. Көбүн алып салышты. Калтыргандан бүтпөгөн 17 миллион сомдук объекти боюнча ишти калтырышты, аны мамлекет 17 миллионго салып, сатып алганда 90 миң сомго сатып алышкан. Мен аны мамлекетке кайтарып бердим. Мени «ыйгарым укугунун чегинен чыккан» деп айыпташты. Ошон үчүн соттошту. Мен эч нерсе уурдаган жокмун, мамлекетке кайтарып бердим. Мени «кылмыш кылды, бул объектини кайра артка кайтарып алууга укугу жок болчу» дешти. «Бул мамлекеттики эмеспи» дедим мен. «Жок, адам аны менчиктештирип алган соң, сен аны кайра алууга укугуң жок болчу, сен жобону буздун» дешет. 17 миллиондук объетини 90 миңге сатышса, мен аны кайтарып берсем, ушул кылмышпы? Экинчиден, курулуш уюмунун жумушчулары гуманитардык жардам алып жатышыптыр. Жумушчу комиссия баарын өз ара бөлүштүрүптүр, бардык жумушчулар алыптыр. Анан мен кеткенде ал 500 тонна болчу, жарымынан көбүн мен кеткенден кийин бөлүштүрүшүптүр, мэриянын жаңы жетекчилиги экен, анан мени «сен уурдоого катышыптырсың» дешти. «Ким уурдады? - деп сурадым мен. - Жарымын өзүңөр бөлүштүрсөңөр, жарымын жумушчулар бөлүп алышыптыр. Каяктагы коррупция?» Коррупция тургай кылмыш да жок. Биз жакшы иш кылдык. Анан дагы, мени Кылмыш кодексинде жок кылмыш үчүн соттошту. Жаңы кодексте ал жок, эски кодекстегисин таап чыгышты. Мени ошон үчүн отургузушту. Мен эч нерсе короткон жокмун. Биз акча салдык, ал тургай бухгалтердик экспертизанын тыянагы да акчанын баары өз ордунда экенин көрсөттү. Эч ким эч нерсе уурдаган жок. Эки сот болду. Биринчи жолу 22-мартта, төрт жарым ай отурдум. Анан дагы болжол менен 2 жарым жыл болду. Экиге көбөйтсө 5 жыл болот экен. СИЗОдогу бир күн экөө катары эсептелет да.

- Кыргызстандагы белгилүү саясатчы «Ар намыс» партиясынын лидеринин, сот болсо минтип акыйкаттыгына жетпей атса, мындан аркы Куловдун тагдыры эмне болот, саясатчынын тагдыры? Кандай элестетесиз?

- Мен жакшы машыгуудан өттүм деп эсептейм. Мен өзүмдүн эркимди текшерип атам, эмнеге жөндөмдүү экенимди. Эгерде ушуну өтө алсам, Кудай мага башка сынак берсе керек, ал башка сынакты да татыктуу өткөнгө аракет кылабыз. Корккудай эч нерсе жок.

- «Химсинтез» боюнча да иш козголот деди эле?

- Козголбойт. Канча болду, 9 жыл өттү. Жөн эле саясий заказ беришиптир. Мага эки кылмыштын жазасын беришти. Үчүнчүсү болбойт. Жөн гана максатка ылайык эмес.

- Бул жерде канча отурушуңуз керек? Сиз сот аркылуу чыгасызбы?

- Биздин Конституцияда жазылган, кылмыш кодексинде кайсы бир кылмыш болбосо, кылмыштын өзү да жок болуп саналат. Жогорку Сот кантип ушундай мыйзам бузууга барды, мен элестете албайм. Меники туура же туура эмес деп айткым келбейт, ал маселени четке эле коелу. Өңчөй эле юридикалык жактан карап көрөлүчү. Жогорку Сот өкүмдү күчүндө калтырууга укугу жок, мен муну баса белгилегим келет, жөн гана укугу жок. Анткени мага коюлган айыптар боюнча кылмыштар Кылмыш кодексинде жок. Мени 7 жылга кескен биринчи иш боюнча да, экинчи иш боюнча дагы. Мен ушуну айтканымда прокурорлор менин көзүмчө Кылмыш кодексин алып, окуп көрүп, алаканын жайып тим болушту, мени менен макул экенин билдиришти. Судья болсо жөн гана унчукпай койду, ал бул туурасында өкүмдө бир да сөз айткан жок. Шаардык сот да, райондук сот да эс нерсе айткан жок.

- Аскар Акаевич Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгында жазган китебинде, сизди сындап кеткенде, сиз сотко бердиңиз беле?

- Түрмөдө, колонияларда, ар бир адам айткан сөзү үчүн жооп бериш керек. Камактагылардын арасында, эгерде сен өз сөзүңө жооп бере албасаң, өтө катаал, ал тургай кээде таш боор жаза колдонулат. Айрым учурларда ал өтө эле таш бооор болушу мүмкүн, бирок, тилекке каршы, адилет болот. Бул эрежелер эркиндикте жүргөндөрдүн арасында болсо, адамдар башка кишилер туурасында болбогон кептерди айтышпайт эле деп ойлойм. Анткени айтылган сөз үчүн жооп бериш керек. Мен азыр эч нерсе дей албайм, анткени мен анын өз сөзүнө жооп беришин сот аркылуу гана талап кыла алам. Бирок президент соттолгус болгон соң, мен азыр эч нерсе кыла албайм. Менин арнамысыма доо кетиргендер болушу мүмкүн, бирок мен унчуга албайм, анткени жаңы Конституция боюнча президент кимди басмырласа да анысы үчүн жооп бербейт. Анын ушундай укугу бар, ал ошол укугунан пайдаланып атат. Эмне дейин эми?
XS
SM
MD
LG